Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жекшенкулов: Россияда коронавирустан 16 кыргызстандык көз жумду

© Sputnik / Исмаил МамытовКыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов. Архив
Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов аталган өлкөдө 1000ге чукул кыргызстандык мигрант коронавирус менен ооруп, айыкканын билдирди.
Жекшенкулов: Россияда коронавирустан 16 кыргызстандык көз жумду

Россияда иштеп жүргөн мекендештердин арасынан COVID-19 жуктуруп алып каза болгондордун саны 16га жетти. Бул тууралуу Аликбек Жекшенкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган өлкөдө жүргөн кыргызстандыктардын көпчүлүгүн 20дан 45 жашка чейинкилер түзөт.

"Учурда Россия Федерациясында абал турукташып калды. Көпчүлүк чогулган жерлерде бет кап тагынуу эрежеси алына элек, бирок мурдагыдай катуу талаптардын көпчүлүгү токтотулган. Коронавирус пандемиясы бул өлкөдө башталгандан тарта 1000ге чукул кыргызстандык вирус жуктуруп алган. Тилекке каршы, алардын 16сы көз жумган. Көпчүлүгүн мекенге жибердик, айрымдарынын сөөгү тууган-уругунун макулдугу менен бул жакка коюлду", — деди Жекшенкулов.

Элчи эмгек мигранттарын эл арасында айтылган ар кандай айың кептерге ишенбей расмий булактардан гана маалымат алууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0