Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акун кызы: жазуучу, акын, сүрөтчүлөргө улуттук сынак жарыяланды

© Sputnik / Асель СыдыковаГлавный специалист отдела стимулирование творческих инициатив Кыргызпатента Динара Акун кызы
Главный специалист отдела стимулирование творческих инициатив Кыргызпатента Динара Акун кызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызпатенттин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун жетектөөчү адиси Динара Акун кызы улуттук сынактын калыстар тобуна катышуучулардын эмгеги сыр номер менен жөнөтүлөрүн айтты.
Акун кызы: жазуучу, акын, сүрөтчүлөргө улуттук сынак жарыяланды

Акын, жазуучу, сүрөтчүлөр үчүн улуттук сынак башталды. Авторлордун эмгектери алты номинация боюнча кабыл алынат. Проза, поэзия, балдар көркөм адабияты, альбомдор, каталогдор, социалдык, гуманитардык багыттагы плакаттар, брошюралар жана илимий-популярдуу чыгармалар. Бул тууралуу Динара Акун кызы Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сынакка Кыргыз Республикасынын 30 жаштан жогорку  жарандары катыша алат.

"Чыгармачыл адамдарды колдоо максатында Кыргызпатент жыл сайын улуттук сынак жарыялап келет. Быйыл бул иш-чарага акын, жазуучулар, сүрөтчүлөр мурда эч жерге жарык көрбөгөн эмгектерин жибере алышат. Жеңүүчүлөрдүн чыгармалары биздин мекеменин эсебинен каржыланып, китеп болуп чыгат. Ал эми сүрөтчүлөрдүн жеке каталогу жарык көрөт. Сынактын калыстар тобуна белгилүү жазуучу, сүрөтчү, илимдин доктор, кандидаттары кирген. Катышуучулардын чыгармасы бизге келип түшөрү менен аларга жиберилет. Калыстар кайсы чыгарманын автору ким экенин билбейт, анткени сыр номер астында, аты-жөнү  коюлбайт. Долбоордун максаты —  кыргыз адабиятын,  көркөм сүрөт чыгармачылыгын колдоо. Кененирээк маалыматты Кыргызпатенттин расмий сайтынан тапса болот", — деди Акун кызы.

Маектеш улуттук сынакка авторлор 30-ноябрга чейин өз чыгармаларын жөнөтө аларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0