Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жумалиев: дыйкандарга 220 миң гектар күздүк буудай себүү сунушталды

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаведующий отделом развития земледелия Минсельхоза Жигитали Жумалиев
Заведующий отделом развития земледелия Минсельхоза Жигитали Жумалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин өкүлү Жигитали Жумалиев республикада экстенсивдүү дыйканчылыктан интенсивдүү дыйканчылыкка өтүү аракеттери көрүлүп жатканын айтты.
Жумалиев: дыйкандарга 220 миң гектар күздүк буудай себүү сунушталды

Быйыл күздүккө себилчү буудайды 220 миң гектарга жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Жигитали Жумалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна https://sputniknews.com/popup_radio/14/s маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, күздүк уруктук буудай да жаздагыдай эле 30 пайызга арзандатылган баада берилет.

"Күздүк буудайдын түшүмүн да жогорулатуу тапшырмасы турат. Андыктан биз себилчү уруктун сапатына кылдат көңүл буруудабыз. Нымдуулукту сиңирип алып, отоо чөптөрдүн өсүшүнө тоскоолдук жарата алган буудайларды себүү аракеттери көрүлүүдө. Ушундай дан эгиндеринин күздүк айдоосун 220 миң гектарга жеткирүү сунушу дыйкандарга берилди. 30 пайыз арзандатылган нарк менен үрөн да сатылып жатат", — деди Жумалиев.

Тогуз гектардан 180 тоннага чейин карагат алабыз. Түптүк дыйкан менен маек

Адис пандемиядан улам кылкандуу дан эгиндерин көбөйтүү күзгү айдап-себүү иштерине да тиешелүү экендигин кошумчалады.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0