Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Естебесова: хлор астмасы барларга терс таасирин тийгизет

© Sputnik / Жоомарт УраимовЖогорку категориядагы өпкө дарыгери Бермет Естебесова. Архив
Жогорку категориядагы өпкө дарыгери Бермет Естебесова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку категориядагы өпкө дарыгери Бермет Естебесова дезинфекциядан улам пневмония күчөп жатат деген маалымат чындыкка дал келбей турганын айтты.
Естебесова: хлор астмасы барларга терс таасирин тийгизет

Хлор зыяндуу заттардын бирине кирет. Ал өнөкөт астмасы барларга зыян. Туура эмес концентрацияда колдонулса адам катуу ууланып же дем алуу органдарынын өнөкөт оорулары күчөшү ыктымал. Бул тууралуу Бермет Естебесова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, коронавирустук пневмония менен хлордон уулануунун симптомдору эки башка болот.

Пневмониянын жайылышына дезинфекциялоо иштери себеппи? Адистердин пикири

"Дезинфекциялоо үчүн чачылып жаткан хлор коронавирустук пневмонияга алып келбейт. Анткени анын концентрациясы өпкөнү жабырката турган деңгээлге жетпейт. Албетте хлор уулуу зат болуп эсептелет, бирок ал пневмонияны шарттабайт. Хлор туура эмес концентрацияда колдонулса организмди уулап же дем алуу органдарынын өнөкөт ооруларын күчөтүшү ыктымал. Андан ууланганда көңүл айнып, адам кусушу мүмкүн. Өпкөнүн чел кабыгы сезгенип, жөтөл пайда болот. Ал эми коронавирустук пневмония кан коюлуп кетип өпкөнүн тамырчаларына уюп калгандан улам жаралууда. Бул рентгенден пневмония сыяктуу көрүнөт, ошондуктан коронавирустук пневмония деп айтылат. Анда кадимки пневмониядан айырмаланып адамдын дене табы көтөрүлбөйт. Киши демигип, кургак жөтөл пайда болот. Бул экөөнү бири-бирине байланыштыруу такыр мүмкүн эмес. Ошентсе дагы хлордун зыяндуу заттардын катарына кире турганын белгилей кетүүбүз зарыл. Ал көбүнчө дезинфекция иштери үчүн тийиштүү концентрацияда колдонулат. Өпкөнүн өнөкөт оорусу барларга, астма менен жабыркагандарга терс таасирин тийгизиши ыктымал. Ал эми бронхитке анча коркунучтуу эмес", — деди Естебесова.

Дарыгер хлор бөлмөдө колдонулса, терезелерди ачып шамалдатып коюу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0