Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Дамир уулу: Кыргызстандын 3D картасы түзүлүүдө

© Sputnik / Бегимай БакашеваМаданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу. Архив
Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу өлкөнүн 3D картасы жасалып жаткандыгын айтты.
Дамир уулу: Кыргызстандын 3D картасы түзүлүүдө

Кыргызстандын 3D картасы түзүлөт. Бул саякатчыларга эң чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет. Мындай пикирин Максат Дамир уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган картаны кыргызстандык IT адистери жасап чыгышат.

"Учурда Кыргызстандын 3D картасын иштеп чыгуу боюнча аракеттер башталды. Аны түзүүдө белгилүү бир кыйынчылыктар жаралат экен. Алсак ошол эле тоо, ташты аралап маалымат чогултууга туура келет. Башка мамлекеттердин мындай карталарын көрүп жүрөсүздөр, анда 360 градуска тегеретип караган сүрөт болот. Карта менен Кыргызстандын кооз жерлерине келип эс алууну каалаган бардык саякатчылар колдоно алат. Долбоор www.discoverkyrgyzstan.org расмий сайтыбызга жайгаштырылат", — деди Дамир уулу.

Аткаминер 3D карта ушул жылдын соңунда даяр болуп каларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0