Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Олжобай уулу: кыргыздарда эзелтеден эле ыктыярчылыктын элементтери кездешип келет

Жазылуу
"Кызыл ай" коомунун ыктыярчысы Райымбек Олжобай уулу өлкөдө ыктыярчылардын мектеби ачылышы керектигин айтты.
Олжобай уулу: кыргыздарда эзелтеден эле ыктыярчылыктын элементтери кездешип келет

Кыргыздарда эзелтен ыктыярчылыктын элементтери кездешкен. Алсак, элибиз ашар жолу менен бири-бирине кайтарымсыз көмөк көрсөтүп келген. Бул тууралуу Райымбек Олжобай уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда, өзгөчө пандемия шартында ыктыярчылыкты ар ким ар кандай максатта колдонушууда.

Полго жатып иштеген медиктер бар экен. Керебетти бекер тараткан ыктыярчылардын маеги

"Негизи эле ыктыярчылык деген мүмкүнчүлүгү жокторго колуңдан келген көмөктү көрсөтүү болуп саналат. Учурда муну менен көпчүлүк учурда жаштар алектенишүүдө. Көпчүлүгү ыктыярчылыкты — батыш өлкөлөрүнөн келип, тамырын жайып бара жаткан көрүнүнүш катары кабылдашат. А чынында кыргыздарда деле буга жакын көрүнүштөр болуп келген. Алсак, бизде бир туугандар, айылдаштар чогулуп ашар уюштурушкан. Ошол ашарды ыктыярчылыктын башаты катары жайылтып, өзүбүздүн менталитетке ыңгайлаштырып колдонсок болот. Анан дагы өлкөдө волонтерлордун мектеби же кандайдыр бир уюму түзүлүшү керек. Анткени учурда муну менен ар ким ар кандай түрдө алектенишүүдө. Бул жөрөлгө абдан өнүгүп калды. Буга чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда да көптөгөн ыктыярчылар тартылып, жакшы натыйжаларды көрсөтө алышкан. А бирок кандайдыр бир координация жасаган уюмдун жетишсиздиги байкалды. Өзгөчө учурдагы пандемия шартында көрүнүп калды", — деди Олжобай уулу.

Ал ыктыярчылык иш тажрыйба топтоо боюнча дагы жакшы мүмкүнчүлүк экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0