Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жуматаев: адам илдеттерин изилдөө лабораториясын түзүүнү сунуштап жатабыз

© Фото / Нуркамил КурманкуловУлуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Жуматаев
Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Жуматаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Жуматаев академиядагы 19 илим-изилдөө институтунда 900дөй илимий кызматкер иштей турганын айтты.
Жуматаев: адам илдеттерин изилдөө лабораториясын түзүүнү сунуштап жатабыз

Улуттук илимдер академиясынын курамында адам илдеттерин изилдеген лаборатория жок. Анткени медицина илимин изилдөө Саламаттык сактоо министрлигине карайт. Бул тууралуу Мурат Жуматаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эпидемиядан улам жарандар УИК тарабынан коронавируска каршы кандай иштер жасалганына кызыгууда.

Кыргызстанда илимдин кайсы тармагына көбүрөөк акча жумшалат

"Улуттук илимдер академиясынын курамында медицина илими жок. Союз учурунда ар бир тармак өзүнчө болчу. Ошо бойдон медицина тармагы Саламаттык сактоо министрлигинин түзүмүндө калып кеткен. Ага карабастан УИКтин курамындагы биология, биотехнология, бийик тоолордо адамдарга аба жетпесе кандай боло турганын изилдеген тоо физиологиясы институттарында анализдөө иштери жүргүзүлүп, февралдан тарта уюштуруучулук жаатында сунуштарды өкмөткө берүүдөбүз. Ал эми академияда вирустарга каршы дары-дармек, вакцина боюнча изилдөө кылган мекеме жок. Учурда эпидемиянын күчөшү менен андай изилдөөлөргө муктаждык бар экени билинүүдө. Ошондуктан президенттин, өкмөттүн наамына ушундай институт түзүү керектиги тууралуу кат жолдоп жатабыз. Академияда мал-жандыктын оорулары изилденип келген лаборатория бар. Ал жакта кызмат кылган окумуштуулар коронавируска анализ жасоо боюнча тартылып, иштеп жатышат. Анткени эпидемияга байланыштуу адам ресурстары жетишпей жатпайбы. Бул вирус менен көпкө жашай турган болуп калдык окшойт. Андыктан адам илдеттерин изилдөө боюнча лаборатория түзүү керек", — деди Жуматаев.

Ошондой эле ал академиянын окумуштуулары коронавируска байланыштуу ЖМКлар аркылуу коомчулукка түшүндүрүү иштери менен алектенип жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0