Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акматова: карантинден 14 күн өтүп абал кескин начарлады

© Sputnik / Табылды КадырбековКоомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова
Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова коронавирус адамдардын кыймылына жараша жер которуп турарын айтты.
Акматова: карантинден 14 күн өтүп абал кескин начарлады

Коронавируска байланыштуу абал жакшырса дагы эпидемиологиялык-санитардык талаптар аткарылып, маска тагынуу, аралыкты сактоо улантылышы керек. Бул тууралуу Айнура Акматова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мурда киргизилген карантинден 14 күндөн кийин вирус жуктургандардын саны кескин өстү.

Пульмонолог: коронавируска чалдыккан адамга саамал кооптуу

"Адамдар канчалык көп кыймылда болсо, вирус да ошончолук жер которуп жүрө берет. Өткөн убакытка көз сала турган болсок, өзгөчө абал режими алынып, карантин бүткөндөн кийин эл көчөгө чыкты. Базар, дүкөндөр ачылып, коомдук транспорт ишке кирди. Адамдар маскасы жок эле жүрүштү. Арасында коронавирустун бар экенинен күмөн санагандар дагы болду. Натыйжада карантинден 14 күндөн кийин вирус жуктургандардын саны кескин өстү. Ошол учурда кээ бирлер "атам, апам, эжем эшикке чыкан эмес" дешти. Бирок ошол үйдөн бирөө чыгып вирус жуктуруп келсе, баарына жайылтат эмеспи. Мындай бүт үй-бүлө жугузуп алган учурлар абдан көп болду. Ошондуктан соңку учурда коронавирус жуктургандардын саны азайганына карабастан санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактоо улантылышы зарыл", — деди Акматова.

Ошондой эле ал социалдык тармактарда туура эмес кабарлар тарап жатканын айтып, тастыкталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0