Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жаманкулов: абал турукташканда китепканачылардын маянасын көбөйтөбүз

© Sputnik / Жоомарт УраимовГлава Департамента туризма КР Азамат Жаманкулов
Глава Департамента туризма КР Азамат Жаманкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов аталган министрликтин балансында турган музей кызматкерлеринин айлык акысы 80 пайызга жогорулатылганын айтты.
Жаманкулов: абал турукташканда китепканачылардын маянасын көбөйтөбүз

2018-жылы 11 улуттук статусу бар мекеменин кызматкерлеринин айлыгын 80 пайызга көтөргөнбүз. Азыр музей кызматкерлеринин айлыгын жогорулаттык. Абал турукташканда китепканачылардын маянасын көбөйтөбүз. Бул тууралуу Азамат Жаманкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Маданият министрлиги элди онлайн кабыл алат. Жол-жобосу

Анын айтымында, маданият кызматкерлеринин айлык акысын көбөйтүү иштери этап-этабы менен аткарылып жатат.

"Бир жыл бою иштеп келген эмгегибиз бар эле. Кыргызстан боюнча Маданият министрлигинин балансында турган музей кызматкерлеринин айлык акысын 80 пайызга көбөйттүк. Буга чейин 3-4 миң сом акча алгандар 7000 сом, ал эми 5-6 миң алгандар 9000 миң сом маяна алып калышты. Андан тышкары, аталган жайдын директорлору 9-10 миң сом алышчу, эми алардын айлыгы 14-16 миңге чейин көтөрүлдү. Азыр бул багыт боюнча четинен иш алып барып жатабыз. 2018-жылы 11 улуттук статусу бар мекемелердин кызматкерлеринин айлыгын 80 пайызга көтөргөнбүз. Кийинки кезек китепканаларда. Биз бул жактын да айлык акысын жогорулатабыз деп сөз бергенбиз. Азыр кырдаалга жараша экономикалык абалыбыз жакшы эмес. Ошондуктан алдыда ишибиз жандангандан кийин берген убадабызды аткарабыз", — деди Жаманкулов.

Министр пандемияга ылайык, маданий жайлардын иш-аракеттери онлайн түрүндө уланарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0