Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сатыбалдиева: коронавирусту кан куюп дарылоо боюнча протокол жок

© Фото / Гулдана ТалантбековаРеспубликалык кан борборунун жетекчисинин орун басары Айганыш Сатыбалдиева
Республикалык кан борборунун жетекчисинин орун басары Айганыш Сатыбалдиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык кан борборунун жетекчисинин орун басары Айганыш Сатыбалдиева кандын плазмасын куюу жолу менен коронавирусту дарылоо боюнча эксперименттер дүйнөдө бар экенин айтты.
Сатыбалдиева: коронавирусту кан куюп дарылоо боюнча протокол жок

Өлкөдө коронавирусту кан куюп дарылоо боюнча протокол жок. Ошого карабастан даректүү дарылоо үчүн бир-эки жолу кан куюу үчүн плазма даярдалган. Бул тууралуу Айганыш Сатыбалдиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кан куюш үчүн бардык жугуштуу орууларга текшерүү жүргүзүлүүсү зарыл.

Хижама ыкмасы коронавирус же пневмониядан айыктыра алабы? Адистин жообу

"Коронавирусту кандын плазмасын куюп дарылоо үчүн тийиштүү шарттар болушу керек. Адегенде ооруп сакайган донордун канын антителого текшерүү зарыл. Эгерде антителосу болсо, плазма даярдоого болот. Учурда Кыргызстанда мындай протокол жок. Анын үстүнө COVID-19дан сакайып чыккандардын канынан плазма жасоо үчүн аппарат, адистер болушу зарыл. Ошондой эле эксперименталдык дарылоо жүргүзүлүп, тийиштүү протоколдор иштелип чыгышы керек. Анткен менен эл деген эл экен. Плазма сурап бир-эки жолу кайрылышты. Алар лабораториялардан антителого кан тапшырып келишиптир. Даректүү дарылоо үчүн даярдап бердик. Буга тийиштүү жабдыктарды камсыздоо боюнча Саламаттык сактоо министрлигине кат жолдонгон. Ал кезде оорулуулардын саны аз болчу. Ал эми учурда абал өзгөрүп кетти, балким текшерүүлөр теориялык түрдө уланабы деген ойлор бар. Бирок мунун баары каражат маселесинен көз каранды", — деди Сатыбалдиева.

Ошондой эле ал Испанияда ооруп айыккандардын 4,1 пайызында гана коронавируска иммунитет бар экени аныкталганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0