Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бактыгулов: келе жаткан шайлоодо аймактардагы лидерлер чоң роль ойнойт

© Sputnik / Эркин СадыковКруглый стол "Сотрудничество КР и РФ в сферах миграции, образования и медицины"
Круглый стол Сотрудничество КР и РФ в сферах миграции, образования и медицины - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саясат таануучу, "Пикир" регионалдык эксперттер клубунун тең төрагасы Шерадил Бактыгулов шайлоодо жаңы көз караштагы адамдардан партия түзүлсө, ал Жогорку Кеңешке өтө албай турганын айтты.
Бактыгулов: келе жаткан шайлоодо аймактардагы лидерлер чоң роль ойнойт

Келе жаткан шайлоодо аймактардагы лидерлер чоң роль ойнойт. Учурда партиялар ошолор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Мындай пикирин Шерадил Бактыгулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу бул жолу кайсы бир партия сөзсүз парламентке өтөт деген кепилдик жок.

Кыргызстанда шайлоо камы башталды. Ким, эмнеге даяр болушу керек

"Жергиликтүү деңгээлдеги белгилүү, авторитеттүү адамдар кайсы саясий партиянын тизмесине кирсе, ошол партиянын Жогорку Кеңешке өтүүгө мүмкүнчүлүгү жогору. Анткени айылдарда, аймактарда жергиликтүү тургундардын колдоосуна ээ болгон адамдар бар. Ал эми алар парламентке келиш үчүн милдеттүү түрдө партияга мүчө болушу каралган. Учурда партиялар ошолор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Кайсы партия көпчүлүк жергиликтүү лидерлердин колдоосуна ээ болсо, ошол Жогорку Кеңешке өтөт. Мурда бул маселенин баары 7-кабат аркылуу чечилчү.  Өткөн шайлоодо эмнеге баары КСДПга кирген? Себеби ал партия сөзсүз парламетте 25 орунду милдеттүү түрдө ала турганы белгилүү болчу. Мисалы, бирөө 26-орунда болсо, ал баары бир эртели-кеч депутат болмок. Анткени сөзсүз бирөө министр, элчи жана башка кызматтарга орношуп кетет. Азыр мындай тенденция жок", — деди Бактыгулов.

Серепчи ошондой эле бул жолку шайлоодо жакшы уюштурулган саясий тандемдер ийгиликке жете турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0