20:26 28 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD81.6688
  • EUR96.0833
  • RUB1.0531

Исмаилов: 5G түйүнүн киргизүүдө коомчулукка түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт

Радио
Кыскача шилтеме алуу
407 0 0

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов 5G түйүнүнүн жыштыгы туура эмес орнотулса, жаратылышка зыяны тийиши мүмкүн экенин айтты.

Исмаилов: 5G түйүнүн киргизүүдө коомчулукка түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт

5G түйүнүн киргизүүдөн мурун коомчулукка түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Анткени адамдар аталган технологиянын пайдалуу жактарын көргөндө гана ага ишеним артат. Бул тууралуу Алтынбек Исмаилов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, коронавируска байланыштуу эпидемиядан улам 5G түйүнү качан ишке бериле турганын айтуу мүмкүн эмес.

Google, Amazon, Apple компанияларына кирүүдө үч этап бар. Кыргыз жигиттин маеги

"Алгач 5G түйүнүн чет өлкөлөрдө тестирлөө учурунда жыштыгы туура эмес орнотулуп, натыйжада жаратылышка зыянын тийгизген учурлар болгон. Кийин бул кемчиликтер жоюлган. Негизи эле жаңы технологияларды киргизүүдө коомчулукка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү керек. 5G түйүнүн киргизүүдө дагы кандайдыр тобокелчиликтер болсо, алар талкуулануусу зарыл. Бул багытта Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети эле эмес, мобилдик операторлор тарабынан дагы активдүү иш жүрүшү шарт. Белгилей кетүүчү жагдай, жаңы технологияларды киргизүүдө коомчулук тарабынан терс кабыл алуу кадимки эле көрүнүш. Мындан улам адамдар аталган технологиянын пайдалуу жактарын көргөндө гана ага ишеним артат деп божомолдосо болот", — деди Исмаилов.

Ошондой эле ал 5G түйүнүн киргизүү менен киберкоопсуздукту камсыздоо маселеси ого бетер курчуй турганын кошумчалады.

 

Тема боюнча

Исмаилов: 5G менен коронавирустун эч кандай байланышы жок
Белгилер:
Технологиялар, коопсуздук, түйүн, Алтынбек Исмаилов

ЭҢ МААНИЛҮҮ