Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бакетаев: Бишкекте биолабораторияларга көз салган агенттик ачылышы мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековПолитолог и эксперт Бакыт Бакетаев
Политолог и эксперт Бакыт Бакетаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саясий серепчи Бакыт Бакетаев дүйнөдөгү биолабораторияларга коомчулук тарабынан көптөгөн суроолор жаралып жаткандыгын айтты.
Бакетаев: Бишкекте биолабораторияларга көз салган агенттик ачылышы мүмкүн

Дүйнөдөгү биолабораторияларды көзөмөлдөгөн агенттик түзүлүп, анын башкы кеңсеси Бишкектен орун алышы ыктымал. Бул тууралуу Бакыт Бакетаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда вирусологдор, саясий эксперттер жана башка тиешелүү адистер чогулуп, дүйнөдө биолабораторияларды ачуу боюнча тегерек стол өткөрүп жатышат.

Борбор Азия жана Кавказга биолаборатория курууда АКШнын көздөгөнү эмне?

"Өнүккөн мамлекеттерде биолабораториялар бар. Алар ири каражат колдонуп иш жүргүзүп жатышат, бирок эмне менен алектенишкени жабык эшик артында калууда. Коронавирус пандемиясы дүйнөнү каптаганда, биринчи кезекте элди оорудан сактап калчу ушул лабораториялар болчу. Башкача айтканда, буларда мындай илдетке каршы тура ала турган изилдөөлөр, препараттар даяр болбосо да аны жасоо жолдору эске алынып, иштелип чыгышы керек эле. Тилекке каршы, андай болгон жок. Ушунун өзү биолабораториялардын ишин көзөмөлдөгөн мекеменин зарылдыгы бар экендигин көрсөтүүдө. Азыр бул багытта саясат таануучулар, вирусологдор, дагы башка адистердин биригүүсүндө жыйналыштар өтүп жатат. Анда Орто Азияны "согуштук аракеттерден сырткаркы аймак" деп жарыялап, Бишкекте жайгашкан Ботаникалык бакка биолабораторияларды көзөмөлдөгөн агенттиктин баш кеңсесин ачуу сунушталууда", — деди Бакетаев.

Ал мындай сунушка башка өлкөдөн жыйналышка катышып жаткан окумуштуулар макул болуп жаткандыгын жана элдин пикири да маанилүү экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0