Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Исмаилов: 5G менен коронавирустун эч кандай байланышы жок

© Sputnik / Табылды КадырбековМаалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов 5G түйүнү технологиялык өнүгүүгө мүмкүндүк түзөрүн айтты.
Исмаилов: 5G менен коронавирустун эч кандай байланышы жок

Коронавирус менен 5G түйүнүнүн байланышы жок. Анткени коронавирус биологиялык вирус болсо, 5G технологияга кирет. Бул тууралуу Алтынбек Исмаилов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 5G — бул 5-муундагы мобилдик байланыш, башка түйүндөрдөн интернеттин ылдамдыгы менен айырмаланат.

"Кийинки муундагы 5G түйүнү пайда болуп, ал дүйнөгө таанылып келе жаткан технология. Анда интернеттин ылдамдыгы секундасына 10 гигабитке чейин жетет. Бул ылдамдыктагы интернет айдоочусуз машиналарды башкарууга, фабрикаларга роботтор орнотулса алардын маалымат алмашуусу үчүн колдонулат. Ошондой эле медицинада бир кыйла жылыштар болуп, айтор көптөгөн өзгөрүүлөр орун алып, технология жаатында алдыга жылууга өбөлгө түзүлөт. Мунун коомчулук тарабынан терс кабыл алынып жатышы мыйзам ченемдүү. Бул радиофобия деп аталып, жаңы технологиялардын кирүүсүнө каршы туруу. А бирок элде айтылып жаткан "5G корнавирустун жайылышына себепкер" деген кеп чындыкка дал келбейт. Анткени коронавирус биологиялык нерсе. Ал эми 5G — бул технология. Экөө такыр эки башка. Анан дагы белгилей кетүүчү жагдай, ал Кыргызстанга келе элек. Аны киргизүү үчүн экспертизалар жүргүзүлүп, тийиштүү макулдашуулар болушу зарыл", — деди Исмаилов.

Ошондой эле ал өлкө аймагында 5G түйүнүн орнотуу үчүн адам жашабаган аймактарда сынамык тесттер жүргүзүлө турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0