Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Турсункулова: коомдун стресс гормону тууралуу кенен маалыматы жок

© Фото / Самуэль СактанбековВрач-эндокринолог Гүлжамал Турсункулова
Врач-эндокринолог Гүлжамал Турсункулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Врач-эндокринолог Гүлжамал Турсункулова стресс гормонунун ден соолукка тийгизе турган зыяны тууралуу айтып берди.
Турсункулова: коомдун стресс гормону тууралуу кенен маалыматы жок

Кортизол же болбосо стресс гормону тууралуу биздин коомчулуктун жетишерлик маалыматы жок. Мындай пикирин Гүлжамал Турсункулова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, стресс гормонуна олуттуу көңүл бурбай жүрө берген учурда иммунитет түшүп кетет.

"Стресс гормону аты айтып тургандай эле адам стресске кабылган учурда пайда болот. Муну медицина тили менен кортизол деп атайбыз. Кортизол демейдеги жашоосунда таңкы алтыдан баштап пайда болуп, түнкү 22.00дөн тарта даражасы нөлгө чейин түшүп калат. Бул адам уктап жатканда стресс болбойт дегенди түшүндүрөт. Бирок кээ бир кишилер "түнү менен уктабай чыктым, ойлонуп чыктым" дешет. Азыр бардык адамдар, ал тургай медицина кызматкерлери да стресс абалда. Эгер адам уйкуга кетпей ар нерсени ойлонуп, элестетип, ыйлап отурса, тескерисинче, түн экенине карабай анда кортизол көбөйүп кетет. Кортизолдун көтөрүлүшү иммунитетти түшүрүп кооптуулук жаратат. Ал эми иммунитет түшкөн учурда адам алсыз болуп, ар кандай ооруларга туруштук бере албай калат эмеспи. Көңүл бурбай жүрө берсе өнөкөт стресстик абалга өтүшүп кетиши ыктымал. Тилекке каршы, бул гормон тууралуу биздин коомчулук көп биле бербейт, билүүгө дилгирленгендер деле аз", — деди Турсункулова.

Дарыгер өзүнүн иш тажрыйбасында ушул убакка чейин бир дагы адам стресс гормонун текшертүүгө же бул тууралуу маалымат алууга кайрылбаганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0