Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Талантбеков: "Манас" эпосунда тырмак алгыч "тырабдал" деп айтылат

© Sputnik / Эркин Садыков"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков. Архив
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда унутта калган кыргыз сөздөрү көп экендигин айтты.
Талантбеков: "Манас" эпосунда тырмак алгыч "тырабдал" деп айтылат

Кадимки тырмак алгыч "Манаста" "тырабдал" деп берилген. Сөз эпосто хан Кошой Кытайдан Жаангердин уулу Билерикти бошоткону баргандагы баяндоодо айтылган. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.

Анын айтымында, учурда көптөгөн көөнө сөздөр күнүмдүк турмушта колдонулбай калган.

"Техниканын өсүп-өнгөн доорунда тырмак алган буюмду кыймылга жараша "тырмак алгыч" деп колдонуп жүрөбүз. Ал тургай көпчүлүк учурда орусча "кусачка" деген сөз колдонулат. Бирок муну эки сөз, 4-5 муун кылбастан бир гана сөз менен аталганын көпчүлүк биле бербейт. Манаста тырмак алгыч колдонулган учуруна токтолуп өтөйүн. Эпосто хан Кошойго Жаангер өзүнүн уулу Билерикти бошотуп берүүсүн өтүнгөн жери бар. Ошондо Кошой атабыз аскер жыйнап, Кытайдын бир нече шаарын баскан. Натыйжада туткунда жаткан Билерик сакал-муруту, тырмагы өсүп кеткени айтылып, тырмагын тырабдал менен алынганы баяндалат", — деди Талантбеков.

Ошондой эле ал тилдин келечеги үчүн унутта калган сөздөрдү колдонуу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0