Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдымен: өлкөдө медиа сабаттуулукту көтөрүү зарыл

© Фото / Роман ГайнановСаясат таануучу Кубан Абдымен
Саясат таануучу Кубан Абдымен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саясат таануучу Кубан Абдымен күчтүү державалардын таасири астында калбаш үчүн жаштардын медиа сабаттуулугун жогорулатуу керек деген пикирин биллдирди.
Абдымен: өлкөдө медиа сабаттуулукту көтөрүү зарыл

XVIII-XIX кылымдарда Англия күчтүү держава болсо, XX кылымда анын ордун Америка басты. Мезгилге жараша ал өз таасирин башка мамлекеттерге медиа аркылуу тийгизип жатат. Мындай пикирин Кубан Абдымен Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мурдагы постсоветтик өлкөлөрдө бир нече жолу болуп өткөн түстүү революциялар бул өлкөлөрдөгү кырдаал мындай революцияларга бышып жетиле элек кезинде эле сырткы күчтөр тарабынан уюштурулуп келди.

"Америка сыяктуу өз күчүн бекемдегиси келген мамлекеттер башка өлкөлөрдөгү өз бийлигине нааразы болгон топторду өз позициясын бекемдөө үчүн колдонуп кетери илгертен бери келе жаткан көрүнүш. Мисалы, ошол эле Грузия, Украина, Кыргызстан, соңку учурларда Молдовада болуп жаткан түстүү революциялар буга күбө. Америкадагы атайын топтор мындай башаламандыктарды Россияда да ишке ашырууга аракет кылып, бирок майнап чыккан жок. Президент Дональд Трамп сыртка болгон таасирин азайтып, өлкөнүн ички иштери менен алек болуусу айрым күчтөргө жакпай калып, алар өз өлкөсүндө да ушундай эле аракеттерди жасап жатышат. Мындай учурда Кыргызстан сыяктуу чакан өлкөлөр сак болуусу шарт. Ал үчүн элдин медиа сабаттуулугун көтөрүү зарыл. Анткени көбүнесе жаштар интернеттеги иргелбеген маалыматтарга сугарылып жатат", — деди Абдымен.

Ал калктын медиа сабаттуулугун жогорулатуу бир эле Кыргызстандын эмес, дүйнөдөгү көп өлкөлөрдүн көйгөйү экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0