Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бакетаев: ЕАЭБге мүчө өлкө жетекчилери өз амбициясын эмес элди ойлошу керек

© Sputnik / Табылды КадырбековСаясат таануучу Бакыт Бакетаев
Саясат таануучу Бакыт Бакетаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саясат таануучу Бакыт Бакетаев Кыргызстан ЕАЭБдин эң тартиптүү мүчөсү болуп келе жатат деген пикирин билдирди.
Бакетаев: ЕАЭБге мүчө өлкө жетекчилери өз амбициясын эмес элди ойлошу керек

Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн жетекчилери өз амбицияларын коё туруп, элдин кызыкчылыгын ойлоп, уюмдун башка мүчөлөрү менен бирдикте пандемиядан чыгуу жолун ойлонушу керек. Мындай пикирин Бакыт Бакетаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эгер ЕАЭБге мүчө өлкөлөр коронакризистен чыгуунун бирдиктүү жолун тез арада иштеп чыкпаса 1937-жылдагыдан да жаман экономикалык кырдаал жаралышы ыктымал.

"ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жетекчилери азыркы күнгө чейин эле өз кызыкчылыктарын башка мүчөлөрдөн жогору коюп жатышат. Мындай болбошу керек. Уюмду жетектөөчү өлкө катары Россия эсептелип, башка мүчө мамлекеттер биримдик менен иш алып барууга өтүшү зарыл. Болбосо бардыгында коронакризистин катуу болушу күтүлүүдө. Бул жерде Кыргызстан гана тартиптүү мүчө жана жалпы элдин кызыкчылыгын көздөгөн өлкө катары өз позициясын көрсөтүп жатат. Башкалары көбүнесе жеке кызыкчылыктарын жогору коюп жаткандай", — деди Бакетаев.

Саясат таануучу ЕАЭБ ага мүчө мамлекеттердин калкы үчүн пайдалуу бирикме экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0