Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кыргызбаев: эмдөө аркылуу чип орнотот деген болбогон кеп

© Фото / Умут БейшеналиеваСаламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык эмдөө борборунун эпидемиолог-дарыгери Азим Кыргызбаев
Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык эмдөө борборунун эпидемиолог-дарыгери Азим Кыргызбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык эмдөө борборунун эпидемиолог-дарыгери Азим Кыргызбаев өлкөдө эмдөөдөн баш тарткан үй-бүлөлөрдө балдары чарчап калган учурлар бар экендигин айтты.
Кыргызбаев: эмдөө аркылуу чип орнотот деген болбогон кеп

Учурда эмдөөдөн баш тарткан ата-энелердин айрымдары "балдарыбызга вакцина аркылуу чип орнотуп коёсуңар" деп айтышууда. Бул күлкү келерлик сөз. Мындай пикирин Азим Кыргызбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна билдирди.

Анын айтымында, учурда балдар арасында көк жөтөл оорусу күч алып жатат.

"Эмдөөдөн баш тарткан ата-энелер ар кандай себептерди айтышат. Соңку учурда "балдарыбызга кандайдыр бир чип орнотуп коёт экенсиңер" дегендер көбөйдү. Бул таптакыр мүмкүн эмес нерсе. Кичинекей ийне менен кантип денеге чип киргизүүгө мүмкүн болсун? Ал эмне болгон чип, кимдер аркылуу келген, эч ким билбейт. Андыктан ата-энелерди интернет айдыңындагы такталбаган ар кандай маалыматтарга ишене бербөөгө чакырам. Баланы эмдетүү керек. Бул вакциналар жөнү жок эле пайда болуп калган эмес. Алар Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун көзөмөлүндө, расмий сертификаттардан өткөн дары-дармектер. Бул оңой иш эмес. Мисалы, 2018-2019-жылдары кичинекей балдар арасында кызамык күч алганда баш тарткан эки үй-бүлөнүн ымыркайлары чарчап калды. Азыр да өлкөдө көк жөтөл бар. Ал вакцинациядан баш тарткан ата-эненин балдарында күч алып жатканы байкалууда", — деди Кыргызбаев.

Дарыгер эмдөөгө байланышкан так маалыматтарды https://privivka.kg/ сайты аркылуу алып турууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0