Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдымен: Трамптын каршылаштары коронавирусту өз пайдасына колдонууда

© Фото / Роман ГайнановСаясат таануучу Кубан Абдымен. Архив
Саясат таануучу Кубан Абдымен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саясат таануучу Кубан Абдымен Америкада болуп жаткан башаламандыктар Кыргызстанга кандай таасир тийгизиши мүмкүндүгү тууралуу ой бөлүштү.
Абдымен: Трамптын каршылаштары коронавирусту өз пайдасына колдонууда

Американын ичинде болуп жаткан тирешүүлөр башка өлкөлөргө да терс таасирин тийгизүүдө. Буга мисал катары стабилдүү деп эсептелген Германиянын Штутгарт шаарында келип чыккан башаламандыктан полициянын 19 өкүлүнүн сабалышын айтсак болот. Мындай пикирин Кубан Абдымен Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Дональд Трамптын президент болуусун каалабагандар өз нааразычылыктарын элге жарыялап, калк арасында түрдүү түшүнбөстүктөрдү пайда кылып жатат.

"Америка дүйнөдөгү беделдүү өлкөлөрдүн бири болуп саналгандыктан, андагы болуп жаткан окукялардын эпкини башка мамлекеттерге да тиет. Мындан Кыргызстан да демократиялуу өлкө катары четте калбашы мүмкүн. АКШнын азыркы президенти Дональд Трамп бийликке келгенин колдобогондор нааразычылыктарын коомго бүлүк салуу менен ачыктап жатышат. Мындай башаламандыктар ошол эле афроамерикалыктар менен болгон кагылышууну да жаратты. Трамптын каршылаштары ал тургай коронавирусту да өз кызыкчылыгына колдонуудан баш тартышкан жок. Ар кандай чагымчыл маалыматтардан улам эл бийликтин айтканына ишенбей, ээн-эркин жүрүү менен учурда Америка COVID-19 жайылган алдыңкы өлкөгө чыгып, жуккандардын саны 2 миллионго жетти, жарым миллиондон ашууну көз жумду. Ушул күнгө чейин вирустун жугушу азая элек. Буга салыштырмалуу Россиядагы маалыматтар күн өткөн сайын ынандырарлык санды көрсөтүп жатат", — деди Абдымен.

Саясат таануучу мындай башаламандыкты өлкөдө болтурбоо үчүн коомчулук сырткы таасирлерден оолак болуп, стабилдүүлүктү сактоого көңүл буруусу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0