Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кожошев: айылдарда 60-70 пайыз үйлөрдүн документи жок

© Фото / пресс-служба минэкономики КРФинансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчиси Арзыбек Кожошев
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчиси Арзыбек Кожошев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчиси Арзыбек Кожошев элге турак жайды камсыздандыруу маданияты жакшы сиңбей жатканын айтты.
Кожошев: айылдарда 60-70 пайыз үйлөрдүн документи жок

Кыргызстандыктарда кыймылсыз мүлктү камсыздандыруу жакшы өнүккөн эмес. Бул көйгөй айылдарда өзгөчө курч турат. Анткени ал жактагы үй ээлеринин 60-70 пайызы турак жайга тиешелүү документи жок эле жашап келишет. Бул тууралуу Арзыбек Кожошев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, турак жайды камсыздандыруу мыйзамы өлкөдө 2016-жылдан тартып иштеп жатат.

"1995-жылдан баштап өлкө аймагында кандайдыр бир табигый кырсыктан улам жабыркаган үй ээлерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 200 000 сом насыя берилчү. Бул тажрыйба өзүн жакшы жагынан көрсөтө алган жок. Анткени тургундар алган каражатты убагында мамлекетке кайтарып бере албаган учурлар көп кездешти. Анын натыйжасында чет өлкөлүк ыкмаларды карап чыгып, турак жайларды мамлекеттик же жеке менчик компания аркылуу камсыздандыруу киргизилди. 2016-жылы бул багытта мыйзам иштелип чыгып, ошондон бери күчүндө десек болот. Бирок бул аракеттер деле жемишин бере элек. Анткени биздин эл там-ташын камсыздандырууну артык баш иш катары баалап, кош көңүл мамиле жасоодо. Өзгөчө айыл тургундарынын 60-70 пайызы турак жайларынын документтерин толук бүтүрбөй эле күн кечирип жаткандар экен. Балким мунун себеби маалыматтын жетишсиздиги болуп жаткандыр", — деди Кожошев.

Аткаминер турак жайды камсыздандыруу тарифи калаа тургундары үчүн жылына 1 200, ал эми кыштактагыларга 600 сомду түзөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0