Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кыргызбаев: учурда өлкөдө 12 ооруга каршы эмдөө жүргүзүлөт

© Фото / Умут БейшеналиеваСаламаттык сактоо министрлигинин Республикалык эмдөө борборунун эпидемиолог-дарыгери Азим Кыргызбаев. Архив
Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык эмдөө борборунун эпидемиолог-дарыгери Азим Кыргызбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык эмдөө борборунун эпидемиолог-дарыгери Азим Кыргызбаев өлкөдө жүргүзүлүп келген эмдөө шарттары тууралуу маек курду.
Кыргызбаев: учурда өлкөдө 12 ооруга каршы эмдөө жүргүзүлөт

Атайын улуттук календарь бар. Анын негизинде 12 илдетке каршы эмдөөлөр кыргызстандыктар үчүн акысыз жасалат. Бул тууралуу Азим Кыргызбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна билдирди.

Анын айтымында, эмдөөлөр ымыркай төрөлгөн күндөн тартып 11 жашына чейинки аралыкта жүргүзүлөт.

"Эмдөө боюнча атайын улуттук календарь бар. Ага азыркы учурда 12 илдетти алдын алуу максатында эмдөөлөр киргизилген. Ал инфекциялык оорулар вирустук гепатит, кургак учук, пневмококк, полиомиелит, ротавирус аркылуу пайда болчу ич өткөк, кептөөр, кызылча, кызамык ооруларына каршы эмдөөлөр жүргүзүлөт. Бул аракеттер бала төрөлгөн күндөн тарта 11 жашка чейинки аралыкта өтөт, бардыгы бекер. Мыйзам боюнча Кыргызстанда эмдөөлөр мамлекет тарабынан жарандарына акысыз жасалат. Бирок ушуну түшүнбөй "бекер болсо демек сапатсыз, кандайдыр бир уюмдар атайын жаман нерселерди алып келип биздин балдарга сайдырып жатат" деген ата-энелер да жок эмес. Аларга бул вакциналарды мамлекет миллиондорго сатып алып жатканын түшүндүрүүдөн тажабайбыз", — деди Кыргызбаев.

Дарыгер эмдөөгө көбүнчө жаш ата-энелер каршы болорун, аларда бул коркунучтуу оорулар тууралуу маалыматтар дээрлик жок экенин белгилейт. Ошол эле убакта чоң ата, чоң энелер мындай илдеттерди башынан кечирип, чүрпөлөрүнөн айрылгандыктан эмдөөнү ар дайым колдоп келишерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0