Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Иманакун уулу: ижарага берилген 17 миң 267 объект текшерилди

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Талантбек Иманакун уулу. Архив
Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Талантбек Иманакун уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Талантбек Иманакун уулу мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коюуга багытталган иштер тууралуу айтып берди.
Иманакун уулу: ижарага берилген 17 миң 267 объект текшерилди

Бишкектеги коммерциялык объектилерди инвентаризациялоо жүргүзүлүүдө. Мунун алкагында ижарага берилген 17 267 объект текшерилди. Алардын ичинен 4 247синен ар кандай мыйзам бузуулар аныкталган. Бул тууралуу Талантбек Иманакун уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, күркөлөрдүн мыйзамдуу орнотулганы атайын тиркеме аркылуу текшерилет.

"Жыл башынан бери Бишкек шаарындагы объектилер толугу менен инвентаризациядан өткөрүлүүдө. Ижарага берилген 17 267 объект текшерилип, 4 247синен ар кандай мыйзам бузуулар аныкталган. Натыйжада текшерилген объектилердин сүрөтү, көлөмү, ижарага качан берилгени жана башка бардык маалыматтары атайын базага киргизилген. Эми шаарыбыздын тургундарына электрондук түрдө маалыматтарды көрсөтө алабыз. Ал үчүн тургундар кайсы бир объект тууралуу маалыматты сурап, кайрылуу жасашы керек. Бул нерсе инспекторлорго дагы жеңилдик берип жатат. Анткени буга чейин кайсы бир күркөнүн мыйзамсыз орнотулганын билиш үчүн башка кызматтарга сурам жөнөтүп көп убакыт кетчү. Эми автоматтык түрдө текшерүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү", — деди Иманакун уулу.

Ошондой эле ал аталган иш-аракеттер коррупциялык тобокелчиликтерди жокко чыгара турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0