Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жекшенкулов: Россияда Кыргызстандан келген мөмө-жемишке талап күч

© Sputnik / Исмаил МамытовЭкс-министр иностранных дел Кыргызстана Аликбек Джекшенкулов
Экс-министр иностранных дел Кыргызстана Аликбек Джекшенкулов  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов өлкөдө КРден келген мөмө-жемишке суроо-талап жогору экендигин айтты.
Жекшенкулов: Россияда Кыргызстандан келген мөмө-жемишке талап күч

Кыргызстанда дыйкандар Россияга мөмө-жемиштерди жибере албайбыз деп көп айтышат. Ал эми бул жакта, тескерисинче, биздин агрардык өндүрүмдөрдү сатып алгысы келген ишкерлер көп. Болгону ири көлөмдө талап кылышат. Бул тууралуу Аликбек Жекшенкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кыргыз өкмөтү, элчилик күжүрмөндүк менен иштеп, логистика жолдорун түзүү менен бул маселени чечсе болот.

"Россияда Кыргызстанда өндүрүлгөн жашылча, мөмө жемиштерге талап жогору. Мен атайын Сибирь тарапты кыдырсам ишкерлердин баары эле мөмө, жашылча-жемиш алып келүүнү сурашат. Бирок 1-2 машинада эмес, жок дегенде 1-2 вагон керек дешет. Ал эми бизде муну уюштурган адам жок. Мисалы, өзүм кечээ жакында эле күбө болдум. Балдарга чие алайын деп дүкөнгө кирсем Кыргызстандын чиесинин бир килограммын 800 рублдан сатып жатышыптыр. Сатуучулар өзбек балдар экен, 200 сомдон Кыргызстандан алып келебиз дейт. Көрдүңүзбү, биздин дыйкандар канча деген акчадан куру калып жатышат. Андыктан логистика, уюштуруу иштерин чечүү менен бул маселени өз колубузга алышыбыз керек", — деди Жекшенкулов.

Ал учурда Кыргызстандан Россияга эт ташып сатууга уруксат берилгендигин жана бул тармакта соода жүгүртүү ийгиликтүү жүрүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0