Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Романов: аткаруучу пробация шарттуу түрдө эркинен ажыратуунун бир түрү

© Sputnik / Эркин СадыковЮстиция министрлигинин Пробация департаментинин Мониторинг жана эсеп башкармалыгынын башчысы Руслан Романов
Юстиция министрлигинин Пробация департаментинин Мониторинг жана эсеп башкармалыгынын башчысы Руслан Романов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Юстиция министрлигинин Пробация департаментинин Мониторинг жана эсеп башкармалыгынын башчысы Руслан Романов аткаруучу пробация кайсыл учурда колдонула турганын айтып берди.
Романов: аткаруучу пробация шарттуу түрдө эркинен ажыратуунун бир түрү

Аткаруучу пробация шарттуу түрдө эркинен ажыратуунун бир түрү болуп саналат. Ал соттун чечими менен ишке ашат. Бул тууралуу Руслан Романов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аткаруучу пробация жаранды коомдон обочолонтпой жаза колдонууну камсыздайт.

"Аткаруучу пробация шарттуу түрдө эркинен ажыратуунун бир түрү болуп саналат. Мыйзамдын негизинде пробация колдонула турган жаранга социалдык-укуктук жана психологиялык көмөк көрсөтүү боюнча жол-жоболор иштелип чыгат. Буга ылайык, пробациялык көзөмөл планы түзүлөт. Анын ичине жаран каттоого туруу мөөнөттөрү жана башка жагдайлар кирет. Ошондой эле жекече көрсөтүлүүчү социалдык-укук көмөк программасына ылайык, соттолгон адамдын документтери толукталып, жумушка орноштуруу сыяктуу жардамдар көрсөтүлөт", — деди Романов.

Романов пробация сотко чейинки, аткаруучу, пенитенциардык жана постпенитенциардык деп төрткө бөлүнөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0