20:31 28 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7999
  • EUR102.5231
  • RUB1.1131

Исакулов: ижарага онлайн берүүдөн бюджетке түшкөн каражат көбөйдү

Радио
Кыскача шилтеме алуу
495 0 0

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Жылдызбек Исакулов 2015-жылдарга салыштырмалуу мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн киреше өскөнүн айтты.

Исакулов: ижарага онлайн берүүдөн бюджетке түшкөн каражат көбөйдү

Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү, андан ары сатуу менен алектене турган аукциондук борбор мамлекеттик мекемеси ачылды. Мындан улам мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн каражаттын кескин өскөнүн байкоого болот. Мисалы, мурда 1200-1500 сомдон берилген дарыканалардын аукциондон кийинки наркы 50-60 миң сомго чыгууда. Бул тууралуу Жылдызбек Исакулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда да санариптештирүүгө багытталган иштер жасалууда.

"Фонддун жаңы ачылган fgi.gov.kg сайтында улутташтырылган объектилер, мамлекеттик акционердик коомдор жана ишкана жетекчилеринин ишмердигин ачык баалоого өбөлгө болуучу киреше-чыгашалар, пайдалар тууралуу толук маалымат жайгашкан. Ошондой эле порталдын жардамы менен каалаган жаран мамлекеттик компаниянын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугу тууралуу, анын учурдагы макамы боюнча кабардар болсо болот. Бүгүнкү күндө мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын реформалоо максатында объектилерди ижарага берүү, андан ары сатуу менен алектене турган аукциондук борбор ачылып, толук кандуу ишин жүргүзүп жатат. Бул ар бир жарандын аукционго онлайн катышуусуна мүмкүнчүлүк берип, процесстин толук ачык болушун камсыздайт. Аукциондук борбор мекемесинин түзүлүшү менен соодалашууну онлайн өткөрүү менен бюджетке түшкөн акчанын көбөйгөнүн көрүүгө болот. Мындан тышкары, акционердик коомдор жана мамлекеттик ишканалардын отчётторун электрондук форматка өткөрүү боюнча иштер кызуу жүрүп жатат. Алардын каржылык-экономикалык ишмердүүлүгү фонддун сайтына жайгаштырылат. Ошону менен бирге эле бала бакчаларды кайтаруу боюнча иштер тынымсыз жүрүп жатат. Ижара боюнча айта кетсем, мурда 1200-1500 сомдон берилген дарыканалар аукцион жолу менен 50-60 миң сомго ижарага берилүүдө", — деди Исакулов.

Ошондой эле ал мамлекеттик ишканалардан түшкөн каражаттын суммасы план боюнча 500 миллион сом болсо, эми 550 миллионго чыкканын кошумчалады.

Тема боюнча

Мамлекеттик мүлк фонду жаңыланган сайтын көрсөттү. Кызыктуу эмне бар
Белгилер:
аукцион, ижара, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду, Жылдызбек Исакулов

ЭҢ МААНИЛҮҮ