Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Романов: сотко чейинки пробация айыпталуучуларга колдонулат

© Sputnik / Эркин СадыковЮстиция министрлигинин Пробация департаментинин Мониторинг жана эсеп башкармалыгынын башчысы Руслан Романов. Архив
Юстиция министрлигинин Пробация департаментинин Мониторинг жана эсеп башкармалыгынын башчысы Руслан Романов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Юстиция министрлигинин Пробация департаментинин Мониторинг жана эсеп башкармалыгынын башчысы Руслан Романов айыпталып жаткан адамга социалдык-психологиялык изилдөө жүргүзүлө турганын айтты.
Романов: сотко чейинки пробация айыпталуучуларга колдонулат

Аткаруучу пробация айыпталуучуларга колдонулат. Ал соттук чечимдин негизинде ишке ашат. Бул тууралуу Руслан Романов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, айыпталуучу тууралуу маалыматтар 30 күндүн ичинде изилденүүсү зарыл.

"Сотко чейинки пробация айыпталуучуга колдонулат. Ал үчүн соттун чечиминин негизинде тапшырма берилет. Ага ылайык, айыпталуучу тууралуу социалдык-психологиялык изилдөөлөр жүргүзүлөт. Жыйынтыгы боюнча пробациялык баяндама же корутунду чыгарылат. Мыйзам боюнча кылмыш иши райондук сотко келип түшкөндөн баштап 30 күндүн ичинде тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүшү керек. Изилдөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн үй-бүлөсү, анын социалдык байланыштары, жашаган турак жайы, билими, жумушу, ден соолугу, терс адаттары, спирт ичимдиктери же баңги заттарына көз каранды эместиги каралат.  Дагы бир учур —  кылмыш жасоого алып келген жагдайлар тууралуу маалымат алынат", — деди Романов.

Романов айыпталуучу тууралуу топтолгон маалыматтын негизинде гана сот өз чечимин чыгара турганын кошумчалады.

Пробация – шарттуу түрдө эркинен ажыратуунун бир түрү болуп саналат. Ал анча оор эмес кылмыштарды жасагандарга колдонулат. Пробация сотко чейинки, аткаруучу, пенитенциардык жана постпенитенциардык деп төрткө бөлүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0