Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Элчи: РФтин кыргыз-тажик чек ара көйгөйүн чечүүгө берчү жардамынан кыр издебеш керек

© Sputnik / Евгений ОдиноковКыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов
Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов кыргыз-тажик чек арасына РФтин жардам сунуштоосу дүйнөлүк тажрыйбада колдонулуп келген кадам экенин айтты.
Элчи: РФтин кыргыз-тажик чек ара көйгөйүн чечүүгө берчү жардамынан кыр издебеш керек

Орто Азияда тынчтык бузулса, Россияга да кедергисин тийгизет. Мунун алдын алуу максатында алар кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүдө өз жардамын сунушташты. Мындан кыйкым издеп кереги жок. Бул тууралуу Аликбек Жекшенкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, чек ара маселесине Россиянын кийлигишүүсүнөн кооптонгондор Кыргызстан ЖККУнун мүчөсү экендигин унутпашы зарыл.

"Мен дипломат катары бул сунуштан эч кандай коркунуч көрбөй турам. Эки мамлекет ортосунда талаш маселелер жаралганда, үчүнчү өлкөнүн киришүүсү дүйнөлүк тажрыйбада колдонулуп эле келе жатат. Мисалы, ушул эле Россия менен Украинанын ортосунда талаш маселелер жаралганда Европа мамлекеттери өз кызматын сунуштады. Мындай көрүнүштөр болуп эле келет. Ошондуктан бул сунушту туура кабыл алышыбыз керек", — деди Жекшенкулов.

Элчи Кыргызстан менен Тажикстан ич ара мамилелерин эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусу менен эле чечип алса болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0