Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асанбаева: Кондучалованын 100 жылдыгына карата жумалык онлайн өтүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековМаданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат катчысы Айнура Асанбаева
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат катчысы Айнура Асанбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат катчысы Айнура Асанбаева Кыргыз Республикасынын баатыры Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына карата жарыяланган жумалык коронавируска байланыштуу онлайн өтө турганын айтты.
Асанбаева: Кондучалованын 100 жылдыгына карата жумалык онлайн өтүүдө

Күлүйпа Кондучалова тууралуу китеп Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин социалдык баракчасына жарыяланат. Бул тууралуу Айнура Асанбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жарандар мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалова тууралуу маалыматтар менен социалдык тармактарда бөлүшүп, иш-чарага катыша алат.

"Кыргыз Республикасынын баатыры, мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына карата маданий жумалык өтүп жатат. Анын ачылышы 8-июнда болду. Аталган иш-чара легендарлуу инсандын 15-июндагы туулган күнүнө карата уюштурулган. Ал эми негизги мааракелик салтанат күзүндө өтөт деп пландалууда. Буга байланыштуу "Легендарлуу Күлүйпа Кондучалова" деген китеп жарык көргөн. Автору жазуучу жана публицист Мундузбек Тентимишев. Аны окурмандарга толук жеткирүү мүмкүн эмес. Ошондуктан аталган китептин үзүндүлөрүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Facebook баракчасына жарыялап турабыз", — деди Асанбаева,

Ошондой эле ал буга чейин Күлүйпа Кондучалова тууралуу тартылган даректүү тасма жумалыктын алкагында ЖМКлар аркылуу тартуулана турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0