Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Адис аптапта үйдү салкын кармоонун оңой жолдорун айтып берди

© Sputnik / Максат ЭлебесовKyrSEFF туруктуу энергияны каржылоо долбоорунун инженери Жаныбек Кулумбетов. Архив
KyrSEFF туруктуу энергияны каржылоо долбоорунун инженери Жаныбек Кулумбетов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
KyrSEFF туруктуу энергияны каржылоо долбоорунун инженери Жаныбек Кулумбетов жайдын аптабында турак жайды салкындатуу үчүн терезеге күн нуру тийип, кайра чагылган пленкаларды чаптоо керектигин айтты.
Адис аптапта үйдү салкын кармоонун оңой жолдорун айтып берди

Жайкысын турак жайды салкын кармоо үчүн желдеткичтин алдына муздак суу коюш керек. Ошондой эле күн нуру тийип, кайра чагылган жалюздарды колдонуу да өз натыйжасын берет. Бул тууралуу Жаныбек Кулумбетов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда күз, кыш суук болгондуктан жылуулукту кармасын деген ниетте терезени күн тарапка орнотушат.

"Турак жайды курарда ысыкты, жылуулукту өткөрбөй тургандай куруу зарыл. Учурда буга мүмкүнчүлүк берген технологиялар бар. Эгерде үйдү салууда тийиштүү технологиялар колдонулбаса, жөнөкөй ыкмаларды эске алууга болот. Ал үчүн күн нуру терезе аркылуу өтпөгүдөй кылуу керек. Мисалы, нурду чагылдырган жалюздарды колдонсо болот. Ак кагаздарды терезеге каптап койсо дагы  бөлмөгө ысык кирбей калат. Жай аптабында таң эрте, анан түнкүсүн үйдү салкындатып, дубалдарды муздатууга болот. Жумушка кетип жатканда терезелерди жабуу керек. Анткени күндүз терезелер аркылуу ысык аба кирип, үйдүн ичи үп болуп кетүүсү мүмкүн. Ошондой эле кадимки желдеткичтин астына муздак сууну коюп койсо бөлмө салкындай түшөт", — деди Кулумбетов.

Ал, мындан тышкары, нымдуу чүпүрөк менен полду, эмеректерди сүрүү да бөлмө ичиндеги ысыкты азайтууга көмөкчү болорун айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0