Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Муратов: жылдан-жылга кант диабетине чалдыккан балдар көбөйүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековЭл аралык медициналык мектептин педиатрия, акушердик-гинекология кафедрасынын профессору, медицина илимдеринин доктору Абдиманнап Муратов
Эл аралык медициналык мектептин педиатрия, акушердик-гинекология кафедрасынын профессору, медицина илимдеринин доктору Абдиманнап Муратов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык медициналык мектептин педиатрия, акушердик-гинекология кафедрасынын профессору, медицина илимдеринин доктору Абдиманнап Муратов балдар арасындагы кант оорусу өтө кооптуу илдетке кирерин айтты.
Муратов: жылдан-жылга кант диабетине чалдыккан балдар көбөйүүдө

Балдар арасында диабет оорусу көбүнесе бала мектепке барган курагынан баштап билинет. Анткени ага чейин ата-энеси илдеттин бар экендигин байкабай жүрө берет. Бул тууралуу Абдиманнап Муратов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы республика боюнча 500гө жакын бала тубаса диабет менен төрөлгөндүгү аныкталган.

"Кыргызстанда кант диабетине чалдыккан мектеп жашындагы балдардын саны жылдан-жылга өсүүдө. Мындай көрүнүш өзгөчө алыскы аймактарда көп катталып жатат. Себеби ата-энелер бала мектеп жашына жетип, медициналык текшерүүдөн өткөнгө чейин анын суусап, тез чарчап жүргөнүнө көңүл бурбай коюшат. Ал эми бул кант оорусунун белгиси. Диабет эки түргө бөлүнөт, тубаса жана кийин пайда болгондор. Балдарды бул илдеттен арылтуу абдан татаал. Ага чуркаба, секирбе, диета карма деп үйрөтүү кыйынчылыкты жаратат. Кант диабетинин дагы бир коркунучтуу жери — бүт организмди жабыркаткандыгында. Убагында тийиштүү көңүл бурулуп турбаса бала майыптыкка жетип калуусу мүмкүн. Андыктан өлкөдө кант диабети менен төрөлгөн балдарга өзгөчө мамиле кылууга мектеп, бала бакчаларда шарттар түзүлүп, мугалимдер атайын окуулардан өтүшү зарыл", — деди Муратов

Дарыгер баланы кичинекей кезинде эндокринологго алып барып текшертип коюу зарылдыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0