Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сатаев: интернетти көзөмөлдөө мыйзамы чийки бойдон сунушталууда

© Sputnik / Асель АкматалиеваМедиа серепчи Өмүрбек Сатаев
Медиа серепчи Өмүрбек Сатаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медиа серепчи Өмүрбек Сатаев депутаттар тарабынан фейк маалыматтар менен күрөшүү боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда эл өкүлдөрү өз кызыкчылыктарын көздөп жатканын айтты.
Сатаев: интернетти көзөмөлдөө мыйзамы чийки бойдон сунушталууда

Фейк маалыматтарды көзөмөлдөгөн мыйзам керек. Бирок азыр депутаттар сунуштап жаткан мыйзам долбоору чийки. Мындай пикирин Өмүрбек Сатаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эл өкүлдөрү шайлоонун алдында сын-пикирлерден коркуп, аталган мыйзамды киргизүүнү көздөөдө.

"Фейк маалыматтар менен күрөшүү керек. Бирок бул багытта сунушталып жаткан азыркы мыйзам долбоору чийки, механизмдери так көрсөтүлгөн эмес. Мыйзам долбоорунун максаты элди жалган маалыматтардан коргоо деп жатышат. Менимче, элди эмес, депутаттар шайлоо алдында өздөрүнүн маалыматтык коопсуздугунан чочулап эле ушундай кадамга барышууда. Эгер чынында эл үчүн иштей турган мыйзам болсо, журналисттер, блогерлер каршы чыкпайт болчу. Бул мыйзам долбоорун кезектеги шайлоо алдындагы оюн катары сыпаттайм", — деди Сатаев.

Серепчи интернеттеги фейк маалыматтар менен күрөшүү үчүн жаңы мыйзам кабыл албай эле буга чейинки бар эрежелердин алкагында иш алып барса болорун кошумчалады.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары Айнура Осмонова жана Гүлшат Асылбаева "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" деп аталган мыйзам долбоорун сунуштап жатышат. Анда интернет колдонуучулардын, сайт ээлеринин жана интернет провайдерлеринин укук, миллдеттери жазылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0