Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Адылова: суицидге барган балдардын көбүнүн ата-энеси мигрант

© Sputnik / Табылды КадырбековНачальник Инспекции по делам несовершеннолетних МВД КР Нуржан Адылова
Начальник Инспекции по делам несовершеннолетних МВД КР Нуржан Адылова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин өкүлү Нуржан Адылова карантин учурунда өспүрүмдөр арасында өз өмүрүнө кол салуулардын саны жалпы республика боюнча былтыркы төрт айга салыштырмалуу 14,2 пайызга көп катталганын айтты.
Адылова: суицидге барган балдардын көбүнүн ата-энеси мигрант

Карантин мезгилинде өспүрүмдөр арасындагы өз өмүрүнө кол салуу фактылары Ысык-Көл облусунда көп катталды. Жалпысынан сегиз учур болуп, анын жетөө суицид болсо, бирөө оорудан улам көз жумган. Бул тууралуу Нуржан Адылова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жалпы республика боюнча төрт айда 32 учур катталса, алардын 26сы эркек балдар, алтоо кыздар.

"Былтыркы төрт айга салыштырмалуу быйыл өспүрүмдөр арасында болгон суицид 14,2 пайызга же төрт учурга көп катталды. Балдар арасында өз өмүрүнө кол салуу Ысык-Көл облусунда кескин өсүп кетти. Жалпысынан аталган төрт айда сегиз учур катталса, анын бешөө 25-марттан 21-майга чейин болгон. Мунун негизинде ИИМ телеканалдар аркылуу беш ирет ата-энелерге кайрылуу жасап, социалдык тармактар, башка байланыш каражаттары аркылуу бала менен ата-эненин карантин учурундагы мамилеси тууралуу түшүндүрүү баракчаларын таратты. Бул 32 учурдун көбүнчөсү турмуштук майда маселелерден улам балдар ата-энесине таарынып, өз жанын кыйган фактылар. Ар бири тууралуу иш козголгону менен көпчүлүк ата-энелер доом жок деп арыз жазуудан баш тартышкан. Андыктан бойго жетип калган өспүрүм балдарды карантин учурунда өзгөчө мээримге бөлөп, бирок башка мезгилде да алар менен сырдашып, жакын болууга чакырабыз", — деди Адылова.

Ал өз жанын кыйган өспүрүмдөрдүн көбүн толук эмес же ата-энеси мигрант болуп иштеп жүргөн үй-бүлөдөн экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0