Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Маткерим уулу: Түркиядан жүк ташуу үчүн мультимодалдык маршрут ачылды

© Sputnik / Эркин СадыковПредседатель подкомитета ТПП КР по транспорту Талантбек Маткерим уулу
Председатель подкомитета ТПП КР по транспорту Талантбек Маткерим уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соода-өнөр жай палатасынын транспорт боюнча комитетинин төрагасы Талантбек Маткерим уулу өлкөгө мультимодалдык маршрут аркылуу жүк ташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди.
Маткерим уулу: Түркиядан жүк ташуу үчүн мультимодалдык маршрут ачылды

Түркиядан Кыргызстанга жана Кыргызстандан Түркияга жүк ташуу үчүн мультимодалдык маршрутту жандандыруу аракеттери көрүлүүдө. Бул тууралуу Талантбек Маткерим уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мультимодалдык маршрут — бул темир жол, деңиз аркылуу жана автоунаа менен жүк ташуу.

"Кыргызстанга бир канча унаа каражаттары менен жүк ташуу маршрутун жандандыруу колго алынууда. Ага ылайык, Түркиядан темир жол менен жүктөлгөн жүк Грузиядан өтүп, Азербайжандан Каспий деңизи аркылуу Түркмөнстанга чейин келет. Ал жактан поезд менен Өзбекстан аркылуу Ошко, ал жерден башка аймактарга автоунаа менен ташылат. Бул маршрут мурдатан эле бар болчу, бирок жүк ташуучулар тарабынан колдонулчу эмес. Анан пандемияга байланыштуу Казакстан аркылуу автоунаа менен жүк ташуу татаалдашты. Себеби айдоочулар обсервацияга жатып, ташылып жаткан жүк кармалып калып жатты. Ал эми темир жол аркылуу ташылган жүк адамдардын байланышын азайтат. Ошондой эле автоунаа менен жүк ташууга салыштырмалуу арзан түшөт. Анткени автоунаада товар чыгарылган жерден акыркы кардарга жеткенче логистикалык кызматтын да баасы кошулуп калат", — деди Маткерим уулу.

Ошондой эле ал аталган маршрут аркылуу Грузия, Азербайжан жана Түркмөнстан менен товар айлантууга ыңгайлуу боло турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0