Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алымкожоев: наамы барлар эми генерал болууну көздөөдө

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкс-начальник Генштаба ВС КР Асанбек Алымкожоев
Экс-начальник Генштаба ВС КР Асанбек Алымкожоев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Генералдык штабдын экс-начальниги, запастагы генерал-майор Асанбек Алымкожоев атайын класстык чиндери барларга аскердик наам ыйгаруу боюнча мыйзам долбоорунун кажети жок экенин айтты.
Алымкожоев: наамы барлар эми генерал болууну көздөөдө

Аскердик жогорку кызматтарда аталган тармакта жетиштүү тажрыйба топтогондор гана кызмат өтөшү керек. Мындай пикирин Асанбек Алымкожоев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган мыйзам долбоору аскер кызматынын кадырына шек келтирүүсү ыктымал.

"Атайын наамдары жана класстык чиндери бар күч түзүмдөрүндө эмгектенген кызматкерлерди аскердик кызматка пайдаланууда же аскерге чакырууда алардын наамына жана класстык чинине төп келген аскердик наамды кайра аттестациялоо тартибинде ыйгаруу боюнча мыйзам долбооруна каршымын. Себеби ар бир кесиптин өзгөчөлүктөрү бар. Аскер кызматкери болуш үчүн аралыктан же тыштан окутулбайт. Аскер кызматкери билим алгандан кийин тийиштүү тажрыйба топтоп, ошого жараша чин алат. Мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн күч түзүмдөрүндө иштегендер взводдун же ротанын командири болуп келгенин ушуга чейин уга элекмин. Алар чоң даражадагы кызматтарга келүүнү көздөшөт. Буга ошол эле депутаттар же атайын наамдары бар жогорку кызматтагылар кызыкдар болуп жатышат. Алардын байлыгы, даражасы бар. Эми генерал болууну көздөшүүдө", — деди Алымкожоев.

Ошондой эле ал аскердик жогорку кызматтарда кадрдык жетишсиздик жок экендигин кошумчалады.

Эскерте кетсек, буга чейин депутаттар тобу тарабынан укук коргоо, прокуратура органдарында кызмат өтөп жаткан же өтөгөн, офицердик курамдын кызматтарын пайдалануу үчүн аскердик кызматка чакырууда атайын наамдары жана класстык чиндери барларга даражасына төп келген аскердик наамды кайра аттестациялоо тартибинде ыйгаруу сунушталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0