Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Азыгалиев: Талас облусу жылына 60 миң тоннага чукул төө буурчак өндүрөт

© Фото / Алишер АлиевАзыгалиев: Кыргыз-түрк соода-өнөр жай палаталары форумунун төрагасы Нурлан Азыгалиев
Азыгалиев: Кыргыз-түрк соода-өнөр жай палаталары форумунун төрагасы Нурлан Азыгалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыгалиев: Кыргыз-түрк соода-өнөр жай палаталары форумунун төрагасы Нурлан Азыгалиев өлкөнүн экономикасын көтөрүүдө төө буурчак өстүрүү келечектүү тармактардан экенин айтты
Азыгалиев: Талас облусу жылына 60 миң тоннага чукул төө буурчак өндүрөт

Талас облусу жыл сайын 60 миң тоннага чукул төө буурчак өндүрөт. Анын 99 пайызы экспортко кетет. Бул тууралуу Нурлан Азыгалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, төө бурчак өндүрүүнү бүтүндөй республикага жайылтуу зарыл.

“Талас облусу соңку жылдары негизинен төө буурчак өстүрүп келет. Өндүрүлгөн продукцияга суроо-талап да жогору. Алар жыл сайын Түркия, Македония, Болгарияга жана Европа өлкөлөрүнө кыргыз төө буурчагын сатышат. Бул багытты республикалык деңгээлде колго алып, башка аймактарга да жайылтуу керек”, — деди Азыгалиев.

Ишкер фасолду жакынкы кошуна мамлекеттерге экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0