Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Арпачиев: облустук жана райондук деңгээлдеги спорттук иш-чаралар өткөрүлбөйт

© SputnikЖаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канат Арпачиев. Архив
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канат Арпачиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канат Арпачиев  Олимпиадага жолдомо алган спортчулардын даярдыгы менен спорттук иш-чараларды өткөрүүгө бюджеттен 64 миллион сом бөлүнгөнүн айтты.
Арпачиев: облустук жана райондук деңгээлдеги спорттук иш-чаралар өткөрүлбөйт

Коронавируска байланыштуу өлкө бюджетинде тартыштык жаралып, спортко каралган каражаттын көлөмү кыскартылды. Мындан улам быйылкы жылдын календардык планына киргизилген айрым спорттук иш-чаралардын мөөнөтү жылдырылса, башкалары такыр эле өткөрүлбөйт. Мисалы, облустук жана райондук деңгээлдеги спорттук мелдештер быйыл болбойт. Бул тууралуу Канат Арпачиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын май айында Кыргызстанда жеңил атлетика боюнча Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык марафону өткөрүлмөк. Ал мелдеш да учурдагы абалга байланыштуу күз айларына жылдырылды. Бирок аталган марафон быйыл сөзсүз өткөрүлө турган спорттук иш-чаралардын катарына кирет.

"Бүгүнкү күндө дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирустун кесепети спортко таасирин тийгизди. Тилекке каршы, учурда күтүлүп жаткан кризистин айынан жергиликтүү спортту өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражаттын көлөмү да кыскарып жатат. Бирок ага карабастан бюджеттен 64 миллион сом бөлүндү. Бул каражат негизинен Токиодо өтө турган XXXII жайкы олимпиада оюндарына жолдомо алган спортчулардын даярдыгы менен үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда өтө турган жогорку даражадагы спорттук иш-чараларды өткөрүүгө сарпталат. Ошол эле учурда каражаттын тартыштыгынан улам айрым спорттук иш-чаралар убактылуу токтотулат. Мисалы облустук жана райондук деңгээлдеги саамалыктар менен мелдештер быйылкы жылы такыр эле болбойт. Мындан сырткары Азия континентиндеги балбандар үчүн Олимпиаданын лицензиялык турнирин Кыргызстанда өткөрүү пландалган. Тилекке каршы, аны да башка өлкөгө өткөрүп берүүгө мажбурбуз. Ошондой эле Кыргызстанда Азия жана Океания өлкөлөрүнүн катышуусунда допингге каршы атайын конгресс өтмөк. Волейбол боюнча Азиянын кубогу, карате шинкиокушинкайдан Борбордук Азиянын биринчилиги жана быйылкы календардык планга кирген триатлон боюнча Азия чемпионатынын мөөнөтүн күзгө жылдырдык. Бирок булардын арасынан да айрым иш-чаралар өтпөй калышы ыктымал", — деди Арпачиев.

Аткаминер ошондой эле Көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюндарын өткөрүү мөөнөтү 2021-жылга жылдырылганын Түркия мамлекети расмий маалымдаганын айтып, бирок убактысы так белгилене электигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0