Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Орокчиев: радио угуу үчүн убакыт бөлүүнүн кажети жок

© Фото / Жылдыз ОрокчиеваАкын, котормочу жана радиожурналист, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Тенти Орокчиев. Архив
Акын, котормочу жана радиожурналист, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Тенти Орокчиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акын, котормочу жана радиожурналист, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Тенти Орокчиев радио маалымат таратууда өз актуалдуулугун жоготпой турганын айтты.
Орокчиев: радио угуу үчүн убакыт бөлүүнүн кажети жок

Радио угуу үчүн атайын убакыт бөлүүнүн кажети жок. Анткени аны иш менен алектенип же автоунаа айдап бара жатып тыңдай берүү мүмкүнчүлүгү бар. Мындай пикирин Тенти Орокчиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, интернеттин өнүгүүсү менен радио аркылуу маалымат жеткирүү ылдам болуп калды.

"Күнүнө баш-аягы үч сааттай радио угам. Радиодон табитиңе жараша жаңылыктарды, адабий, маданий, саясий, социалдык багыттагы берүүлөрдү, маектерди, ыр-күү, оюн-зоок программаларын тыңдоого ыңгайлуу. Маселен ошол эле гезит, интернет маалыматтарын окуу үчүн көз жабыркайт. Атайын убакыт бөлүш керек. Ал эми радио угуу үчүн атайын убакыт коротпойсуң. Отуруп же автоунаа айдап бара жатып тыңдай берсең болот. Албетте, кабыл алуусуна жараша ар ким өзү тандайт. Мындан тышкары, радио аркылуу аудио китептерди берүү тажрыйбасы дагы кеңири жайылууда. Бул абдан жакшы көрүнүш", — деди Орокчиев.

Ошондой эле ал учурда радиого чыккан маектерди текстке түшүрүп жарыялоо кеңири колдонула баштаганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0