Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Юрист обсервацияда тартип бузгандарга кандай жаза каралганын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековЮрист адвокатской коллегии "Победа" Урматбек Сыдыков
Юрист адвокатской коллегии Победа Урматбек Сыдыков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Победа" адвокаттар коллегиясынын юристи Урматбек Сыдыков обсервацияда тартип бузгандарга мыйзамдын негизинде жоопкерчилик каралганын айтты.
Юрист обсервацияда тартип бузгандарга кандай жаза каралганын айтты

Обсервация жайы коомдук болуп эсептелет. Ал жерде тартип бузгандарга, бийлик өкүлүнө баш ийбегендерге жоопкерчилик каралган. Бул тууралуу Урматбек Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мыйзамсыз аракет адамга же анын мүлкүнө зыян келтирилгенине жараша кылмыш же тартип бузуу болуп квалификацияланат.

"Жоруктар боюнча кодекстин 82-беренесине ылайык, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине баш ийбегендерге 2-категориядагы айып салынат. Бул административдик жоопкерчилик болуп жеке жактарга үч миң сом, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сом каралган. Мындан тышкары, Жоруктар кодексинин 119-беренесине ылайык, "Майда бейбаштык" деген бар. Ага ылайык, жашы жете электерге 15 миң сомдон 25 миң сомго чейинки айып салынат. Ал эми чоңдорго 30-60 миң сомго чейин айып каралган. Ошондой эле Жоруктар боюнча кодекстин 127-беренесинде санитардык-эпидемиологиялык эрежени бузгандарга 2-категорияда белгиленген 30-60 миң сом айып каралган. Буга чейин обсервацияга алынгандар тарабынан тартип бузуу болгону айтылды. Бул жерден белгилеп кете турган жагдай, обсервациялар коомдук жай болуп саналат. Ал жерден бийлик өкүлдөрүнө баш ийиш керек. Эгерде кандайдыр бир тартип бузса, жагдайына жараша жоопкерчиликке тартылат. Маселен, ошол эле Кылмыш кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен караса болот. Анда 300 миң сом айып салуудан 2,5-5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Бул жерден бийликтин өкүлүнө каршылык көрсөткөн болсо жагдайы оорлойт. Анда 5-7,5 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал", — деди Сыдыков.

Юрист ошондой эле тартип бузуу боюнча сөзсүз атайын органдарга арыз менен кайрылуу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0