Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Медетбеков: Кыргызстан үчүн ЖККУнун мааниси чоң

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков ЖККУ регионалдык коопсуздукту камсыздоодо орчундуу иштерди жасаганын айтты.
Медетбеков: Кыргызстан үчүн ЖККУнун мааниси чоң

ЖККУга маалыматтык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча сунуштар киргизилүүдө. Ошондой эле мыйзамсыз миграция, наркотрафикти токтотууга багытталган аракеттер көрүлөт. Ошондуктан Кыргызстан үчүн ЖККУнун мааниси чоң. Бул тууралуу Артур Медетбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ЖККУнун эл аралык деңгээлде регионалдык блок катары өзүнүн орчундуу орду бар.

"ЖККУ терроризмге, экстремизмге, уюшкан кылмыштуулукка каршы, аткезчилик, наркотрафикти токтотуу боюнча иш жүргүзүүдө. Акыркы убактарда кибер террорчулук, маалыматтык коопсуздук боюнча сунуштар айтылды. Ошондой эле мыйзамсыз миграция, баңги трафигин токтотуу аракеттери көрүлгөн операцияларды өткөрүү боюнча шарттар түзүлүүдө. Бүгүнкү күндө ЖККУ чоң саясий мааниси бар регионалдык уюмга айланууда. Анын катары мүчөлүгүн убактылуу токтоткон Өзбекстан менен толукталышы мүмкүн. Кыргызстан үчүн ЖККУнун мааниси жогору. Анткени 1990-2000-жылдары өлкөдө болуп өткөн тарыхый трагедиялуу окуяларда аталган уюмдун жардамы чоң болгон. Ошондой эле курал-жарак, аскердик техника боюнча көмөк көрсөтүп келүүдө. ЖККУ республикага 6-7 жыл мурда 125-130 миллион долларга чукул аскердик техника берди. Көптөгөн жаш офицерлер Россиядан билим алып келишүүдө. Мунун бардыгы биздин мамлекет үчүн эбегейсиз колдоо", — деди Медетбеков.

Ошондой эле ал ЖККУ учурунда өлкөгө коркунуч жараткан сепаратисттик топторду токтотууга шарт түзгөнүн кошумчалады.

Эске салсак, ЖККУнун түзүлгөнүнө быйыл 18 жыл толду. Уюм 1992-жылдын 15-майында түзүлүп, бирок 10 жылдан кийин иштей баштаган. Учурда курамында Россия, Тажикстан, Казакстан, Белоруссия, Армения жана Кыргызстан бар. Өзбекстан, Грузия, Азербайжан 1993-жылы аталган уюмдун катарына кошулуп, кайра чыгып кетишкен.

ЖККУнун максаты — мүчө өлкөлөрдүн аймактык-экономикалык мейкиндигин сырткы аскердик-саясий күчтөрдөн, террорчулардан коргоо жана табигый кырсыктар учурунда бири-бирине көмөк көрсөтүү. Аталган уюм ушул күнгө чейин бир дагы аскердик операцияга катышпаган жалгыз аскердик-саясий биримдик болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0