19:41 05 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD74.2343
  • EUR84.1186
  • RUB1.0816

Токтогазы уулу: Кадыр түндөн сыйкыр күтүү туура эмес

Радио
Кыскача шилтеме алуу
Орозо — 2020 (21)
266 0 0

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу Рамазан айында өтүүчү Кадыр түндү туура тосуу эрежелери боюнча айтты.

Токтогазы уулу: Кадыр түндөн сыйкыр күтүү туура эмес

Кадыр түндөн жылдыз учат, кут түшөт деген сыяктуу керемет окуялардын, сыйкырдуу иштердин болуп кетишин күтүү туура эмес. Биринчи кезекте эл-жерге тынчтык, молчулук тилеп, ар бир адам буга чейинки жашап өткөн күндөрүнө, келечегине саресеп сала турган түн. Бул тууралуу Бактияр Токтогазы уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, быйыл аталган жөрөлгө 19-майдан 20сына караган түнгө туура келет.

"Кадыр түндүн максаты — Жаратканга шүгүр келтирип, өзүнө, жакындарына, жалпы журтка тынччылык, токчулук тилеп, мурда-кийин билип-билбей жасаган терс иштери үчүн кечирим сурап, келечегине максат коюп, адам баласы жашоосуна бир сыйра саресеп салуу. Бул түнү кандайдыр бир керемет окуялар, сыйкырдуу кубулуштар ишке ашат деген түшүнүк жаңылыш. Күнү бою оозуна наар албай орозо кармап жүргөн киши кечинде оозун ачкандан тарта кадыр түн убактысы башталат. Бул аралыкта намаз окуп, дуба кылууда материалдык байлык же башка муктаждыктарынын аткарылуусун тилеп, максат койсо да болот. Буга эч кандай тыюу салынбайт. Болгону ызы-чуу эмес, жаман адаттардан алыс, спирт ичимдиктери жок өткөрүш керек. Кадыр түн убактысы эрте менен оозду жапкандан тарта аяктайт", — деди Токтогазы уулу.

Ал Кадыр түндү бардык каалоочулар тосо берсе болорун кошумчалады.

Тема:
Орозо — 2020 (21)

Тема боюнча

Эргешов: зекетти электрондук түрдө берсе болот
Белгилер:
эреже, рамазан, Кадыр түн, Бактияр Токтогазы уулу

ЭҢ МААНИЛҮҮ