Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Орокчиев: көзү өтүп кеткендердин маегин угуп "бул тирүү экен" дегендер болгон

© Фото / Жылдыз ОрокчиеваАкын, котормочу жана радиожурналист, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Тенти Орокчиев
Акын, котормочу жана радиожурналист, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Тенти Орокчиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акын, котормочу жана радиожурналист, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Тенти Орокчиев залкарлар менен болгон маектерден кийин болгон кызыктуу окуяларды айтып берди.
Орокчиев: көзү өтүп кеткендердин маегин угуп "бул тирүү экен" дегендер болгон

Залкарлар менен маектерим 300гө чукул. Алар 20 мүнөттөн бир жарым саатка чейин жетет. 2011-жылдан бери баарын кагазга түшүрүп, үч томдугун чыгарууга жетиштим. Бул тууралуу Тенти Орокчиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, алынган маектерге байланыштуу кызыктуу окуялар көп болгон.

"Учурунда көптөгөн залкар инсандар менен радиомаек уюштургам. Азыр КТРКнын "Алтын казынасында" 300гө чукулу сакталып турат. Алардын узактыгы 20 мүнөттөн бир жарым саатка чейин. 2011-жылдан бери кагазга түшүрүп, китеп кылып үч томдугун чыгардым. Түгөлбай Сыдыкбеков менен 25 саатка чукул маек уюштургам. Алардын биринде жазуучу байбичесин чакырып, радиодон чогуу угушуптур. Уктуруу аяктаган соң жубайы "кечке эле бир сөздү кайталай берет экенсиң" деп абышкасын сындаган экен. Муну кийин Түгөлбай Сыдыкбеков "аялым мактайт го деп күтүп жатсам, ушинтип сындап салды" деп айтып берген. Анан Кусейин Карасаев менен дагы 12 саат мектешкем. Анын үйүнө барып чай ичишип турат элек. Караколго көчүп кеткенден кийин дагы конокко чакырып турчу. Бир окуяны айтып берди эле. Эки жакын адамы көлгө эс алып кел деп чакырып, колунун бош эмес экенине карабастан алып кетишиптир. Анан азыркы Кырчын жайлоосунун тушуна келгенде жол тосулуу экен. Тигил экөө унаадан түшүп 20 мүнөттөй сүйлөшүшөт. Киргизүүгө макул кыла албай коюшуптур. Аңгыча бир аял чуркап келип "радиодон маек берген Карасаев деген сизби?" деп сурап, киргизиптир. Ошондо Кусейин Карасаев "чоң кызматта иштеген эки интеллигент киргизе албаган жерге сен алган радиомаек киргизди" деп ыраазы болгон. Өтүп кеткен адамдардын маектери кетип жатканда угуп алып "ой, бул каза болду дешти эле, тирүү турбайбы" деген сыяктуу окуялар көп эле болду", — деди Орокчиев.

Ошондой эле ал Токтоболот Абдумомунов үйүндө ооруп төшөктө жатканында 5-6 саат маек алганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0