Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сазыков: ачык-айкын иш жүргүзгөндөргө автоматтык түрдө мөөр басылат

© Sputnik / Асель АкматалиеваМамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков 11-майдан тарта иштөөгө уруксат берилгендер иштегендиги тууралуу маалым катка Салык кызматынан мөөр бастырышы керектигин айтты.
Сазыков: ачык-айкын иш жүргүзгөндөргө автоматтык түрдө мөөр басылат

Мөөр бастыруу үчүн бардык жарандардын Салык кызматына келүүсү кажет эмес. Ишкананын жетекчиси же атайын өкүлү баарына бастырып кетсе болот. Эгерде салык төлөөчү буга чейин ачык-айкын иш жүргүзсө, автоматтык түрдө уруксат берилет. Бул тууралуу Эркин Сазыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул коронавирустун жайылып кетишине кандайдыр бир деңгээлде бөгөт коет деген ишеним бар.

"Мөөрдү Салык кызматынан эле эмес, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынан дагы алса болот. Ал үчүн ишкананын жетекчиси же эсепчиси кол алдындагыларга мөөр бастырып кете алат. Башкача айтканда, ар бир жарандын келе беришинин кажети жок. Мөөр бастыруу үчүн келгендер кезек күтүп жаткан учурда медициналык талаптарды аткарышы керек. Бул багытта иш алып барып жатабыз. Анткени 1-майдан тарта айрым ишмердүүлүктөргө уруксат берилген. Мисалы, ошол эле патент алганы келген таксист, чачтарачтарга буга чейин кызмат көрсөтүп баштаганбыз. Ишкерлерге берилген жеңилдиктерге токтоло турган болсом, отчетторду берүү боюнча мөөнөттөр жылдырылды. Салыктык текшерүүлөргө 2021-жылдын 1-январына чейин чектөө коюлду. Ошондой эле өз убагында салык төлөбөгөндөргө туум эсептелбейт. Социалдык камсыздандыруу боюнча отчетту 1-июнга чейин тапшырууга мүмкүнчүлүк берилди. Жарандар бирдиктүү декларацияны 2021-жылды 1-апрелинде тапшыра турган болушту. Салык органдарына келе албайбыз десе, аларга аралыктан кызмат көрсөтүлөт. Мөөр басуу — салыкты төлөө үчүн жасалган кадам деген кептер боюнча айтсам, эгерде салык төлөөчүлөр буга чейин ачык-айкын иш жүргүзгөн болсо, аларга мөөр автоматтык түрдө басылат. Ал эми кызматкер жаңы иштеп баштаса, алар мындан ары салыктарды төлөөгө милдеттендирилет", — деди Сазыков.

Ошондой эле ал ишмердүүлүгүнө уруксат берилгендер патенттин көчүрмөсү менен жүрсө боло турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0