Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Темиркулов: кризистен чыгуу үчүн козу карын өстүрүп, коен багуу керек

© Sputnik / Табылды КадырбековКөз карандысыз саясий серепчи Азамат Темиркулов
Көз карандысыз саясий серепчи Азамат Темиркулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көз карандысыз саясий серепчи Азамат Темиркулов айыл чарба тармагында жаңыча кадамдарды таштоо зарылдыгы пайда болгонун айтты.
Темиркулов: кризистен чыгуу үчүн козу карын өстүрүп, коен багуу керек

Калкты тез арада азык-түлүк менен камсыздоо үчүн козу карын өстүрүп, коен багууну колго алыш керек. Бул тууралуу Азамат Темиркулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө айдоо жер аз, ал эми мал чарбачылыгы сапатсыз.

"Израилде уйлар 12 миң тонна сүт берсе, бизде эки миң тонна берет. Голландияда сегиз миң тонна сүт берген уй жараксыз деп эсептелип эт үчүн жөнөтүлөт. Биз болсо асыл тукум малдын баарын жоготуп алганбыз. Учурда өлкөдө койдун жүнү өрттөлүп жатат. Себеби сапатсыз жана эч кимге кереги жок. Мына ушундай сапатсыз малга жайыт жерлерди тебелетип койдук. Жайыттарды системалуу колдонгон жокпуз. Мал чарба жана жер айдоо менен кетип жатабыз. Кризистен чыгуу үчүн жаңы багыттарды колдонуу керек. Мисалы, козу карын өстүрүү, коендорду багууга өтүшүбүз керек. Себеби бул багытка көп каражат, кеңири жайыттын кереги жок. Айыл жергесинде эл өзүн-өзү азык-түлүк менен камсыздап алуусу толук ыктымал. Бирок шаар жерлерине мына ушул чарбачылыктарды уюштуруу менен элдин курсагын тойгузса болот", — деди Темиркулов.

Серепчи кризистен чыгуу үчүн табигый шарттарды колдонуу зарылдыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0