Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ардагер: жөрмөлөп барып пулемётчуну жок кылгам

© Sputnik / Табылды КадырбековВетеран ВОВ, писатель и общественный деятель Асек Урманбетов
Ветеран ВОВ, писатель и общественный деятель Асек Урманбетов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, жазуучу жана коомдук ишмер Асек Урманбетов кан майданда жасаган эрдиктерин эскерди.
Ардагер: жөрмөлөп барып пулемётчуну жок кылгам

Командирдин тапшырмасы менен чалгынга чыгып курал-жарак, азык-түлүк, кийим-кече ташып бара жаткан 76 автоунааны токтоттук. Кийин немистер контрчабуулга чыгып, снайпер оң бутуман жарадар кылды. Жолду бекитип бизди жылдырбай, ошол жаракатым төрт күн бою таңылбай, өзүм төрт сутка наар албай абдан кыйналгам. Бул тууралуу Асек Урманбетов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурунда согуштан аман калууну ойлоп, эрдик жасап, сыйлык, наам алуу максаты болгон эмес.

"Пулемёт жайгашкан орунду талкалап, ээлеп аласыңар деген тапшырма келди. Биз камдана баштадык. Кеч киргенде полктун 40 автоматчысы кошулду. Түн киргенде эле немистер жарыгын күйгүзүп, пулемёт менен аткылай баштады. Биз менен келген автоматчылар солго жүгүрдү. Пулемётчу аларды ээрчип аткылай баштады. Мен болсо оңду көздөй боорум менен жылып, жөрмөлөп жатып, пулемётчунун аркасына келип калыпмын. Болжолдоп туруп гранатаны ыргыттым. Ошону менен жарык дагы өчтү, пулемёттун үнү дагы чыкпай калды. Окопко кирсем, пулемётту көмүп коюп качып кетишкен экен. Ошол замат алдымдан жарылуу болуп, колумдан жарадар болуп түн ичинде артты көздөй кеттим. Дагы бир жолкусунда полк командиринин тапшырмасы менен үч жоокер чалгынга чыктык. Аңгыча караңгы кирип калды. Токой аралап келе жаткан душмандардын жүк ташуучу автоунаалары өтүп калды. Машинага чабуул койсок алар токтогон жок. Кубалап алдыңкы машинага граната ыргытсам, машиналар токтоп, айдоочулары карагайларга кире качышты. 76 машинада курал-жарак, кийим-кечек, тамак-аш бар экен. Баарын бүтүн бойдон өзүбүздүкүлөргө өткөрүп бергенбиз. Кийин башка бир кармашта немистер контрчабуулга чыгып, снайпер бутка атып жаракат алдым. Немистер жолдорду бекитип, биз жыла албай, төрт күн жараатым таңылбай, ачка аябай кыйналгам", — деди Урманбетов.

Ардагер төрт суткадан соң операция жасалып, кийин учак менен Горький шаарына жеткирилген. Ал жактан бутун кесип, 1944-жылы үйүнө кайтып келгенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0