Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Чолпонбаева: "Өлбөс полк" үчүн түзүлгөн сайт архивдик база болуп калат

© Sputnik / Жасмин Малашева"Өлбөс полк" онлайн акциясын уюштуруучуларынын бири Нуриля Чолпонбаева
Өлбөс полк онлайн акциясын уюштуруучуларынын бири Нуриля Чолпонбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Өлбөс полк" онлайн акциясын уюштуруучуларынын бири Нуриля Чолпонбаева өлкөдө Улуу Жеңиш маршы 2013-жылдан бери өткөрүлүп келе жатканын айтты.
Чолпонбаева: "Өлбөс полк" үчүн түзүлгөн сайт архивдик база болуп калат

"Өлбөс полк" үчүн түзүлгөн сайт архивдик база болуп калат. Мындай сайт керек болчу. Бул тууралуу Нуриля Чолпонбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган акция мамлекет тарабынан колдоого алынууда.

"Өлбөс полк" акциясын өткөрүү үчүн даярдыктар бир ай мурда башталат. Ардагерлердин туугандарына байланышып, тизме каралып, кимдин маалыматы толук эмес болсо, алар такталат. Жыл сайын бул акцияны мамлекет дагы колдоого алып келет. Мисалы, укук коргоо органдары коопсуздукту камсыздап беришет. Бул жылы Маданият, маалымат жана туризм министрлиги атайын www.pobeda.srs.kg сайтын түздү. Аталган платформа аркылуу белгисиз болгон, табылбай жаткан ардагерлер тууралуу маалыматтарды да табууга мүмкүн экен. Бул сайттын өзгөчөлүгү ардагерлер тууралуу маалыматтар жүктөлүп, архивдик база болуп калат. Ал эми кээ бирлер согушка катышкан атасы, чоң атасы тууралуу маалыматтарды издеп тапса болот", — деди Чолпонбаева.

Ошондой эле ал ардагерлердин жасаган эрдиги эч качан унутулбашы керектигин белгилеп, акция алдыда дагы улана бере турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0