Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шеримкулов: Конституциянын концепциясы тууралуу жарым жыл талкуу жүргөн

© Sputnik / Жоомарт УраимовЛегендарлуу парламенттин төрагасы, мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов
Легендарлуу парламенттин төрагасы, мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Легендарлуу парламенттин төрагасы, мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов 1993-жылы кабыл алынган Конституция кандайча иштелип чыккандыгын айтып берди.
Шеримкулов: Конституциянын концепциясы тууралуу жарым жыл талкуу жүргөн

1993-жылы кабыл алынган Конституция эгемендүү Кыргызстанга жана анын келечегине толук ылайык келген документ болгон. Аны жазып чыгуу үчүн үч жылга чукул убакыт кеткен. Ага чейин жарым жыл Конституциянын концепциясы тууралуу талкуу жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Медеткан Шеримкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Баш мыйзам 1991-жылдын 31-августунда легендарлуу парламент тарабынан кабыл алынган декларациянын негизинде жазылган.

"1993-жылы кабыл алынган Конституциянын үстүндө үч жылга чукул иштедик. Ошол кезде төрт жарым миллион калкыбыз болсо, конституциянын долбоорунун коомдук талкуусуна миллиондон ашык жаран катышкан. Анын ичинен 100 миңден ашык адам ар кандай конференция, жыйын, талкууларда сөз сүйлөп, 10 миңден ашык ой-пикир түшкөн. “Конституция кандай болот?” деген концепциясы эле алты айдан ашуун талкууланган. Конституция жазылып жатканда жалаң эле өзүбүздүн окумуштуулар, эксперттер, коомчулуктун пикири эмес, дүйнөлүк саясат таануучулардын ой-пикирлери дагы эске алынды. Мисалы, АКШнын сенаторлору жана мамлекеттик департаментинен адамдар келишкен. Мындан тышкары, Европарламенттин Генералдык секретарына Баш мыйзам тууралуу маалымат жиберип, Конституциянын долбоорун англис тилинде үч экземплярда бергенбиз. Алар Европарламентте карашып, биздин долбоорго жакшы пикирин билдиришкен. Ошондой эле Россиянын конституциялык комиссиясынын ой- пикирин угуп, ал жактан алдыңкы адистер келип жардам беришкен. Коңшу өлкөлөрдүн, Түркиянын жана башка мамлекеттердин адистери менен пикир алыштык. Буга утурлай эле ошол учурдагы өнүккөн 10 мамлекеттин Конституциясын карап чыктык. Арадан 27 жыл өткөндөн кийин дагы 1993-жылы легендарлуу парламент кабыл алган Конституцияны эгемендүү Кыргызстанга жана келечегине толук жооп бере турган документ болгон деп айта алам", — деди Шеримкулов.

Ошондой эле ал легендарлуу парламент кеткенден кийин 1996-жылдан 2005-жылга чейин Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилип, президенттин ыйгарым укуктары жогорулатылганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, 1993-жылы 5-майда Кыргыз Республикасынын Конститутциясы кабыл алынган. Бүгүн эгемендүү өлкөнүн алгачкы Баш мыйзамынын кабыл алынгандыгына 27 жыл толду.

Жаңылыктар түрмөгү
0