Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бактыгулов: Кыргызстанда креативдүү экономика жакшы өнүгүп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековСаясат таануучу, "Пикир" регионалдык эксперттер клубунун тең төрагасы Шерадил Бактыгулов. Архив
Саясат таануучу, Пикир регионалдык эксперттер клубунун тең төрагасы Шерадил Бактыгулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саясат таануучу, "Пикир" регионалдык эксперттер клубунун тең төрагасы Шерадил Бактыгулов Кыргызстандын экономикасы негизинен учурда жакшы иштеп жаткан курулуш, тоо-кен жана жеңил өнөр жай тармактарынан калыптанаарын айтты.
Бактыгулов: Кыргызстанда креативдүү экономика жакшы өнүгүп жатат

Бүгүнкү күндө экономиканын жаңы түрү — креативдүү экономика республикада да пайда болуп, жакшы өнүгүп жатат. Ага интеллектуалдык чөйрө, IT тармагы, дизайнерлер, кол өнөрчү, сүрөтчү жана башкалар кирет. Бул тууралуу Шерадил Бактыгулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, креативдүү экономика — заман талабына ылайык пайда болгон экономиканын жаңы баскычы.

"Бүгүнкү күндө өлкө экономикасына чоң салым кошо турган креативдүү экономика деген жаңы түшүнүк пайда болду. Ага интеллектуалдык чөйрө, IT тармагы, дизайнерлер, кол өнөрчү, сүрөтчү, уз-чеберлер жана башкалар кирет. Алар эксклюзивдүү буюм-тайымдарды жасап жана ошондой эле кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн эмгек акысын жогору коёт. Бул экономиканын жаңы баскычы десем жаңылбайм. Азыркы тапта бул тармакка өкмөттүн да кызыкчылыгы артууда. Эми алдыда колдоо болот деп үмүттөнөбүз", — деди Бактыгулов.

Ал ошондой эле өлкө экономикасын айыл чарба багыты да жакшы кубаттап турарын айтып, аны да өнүктүрүүгө олуттуу көңүл буруу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0