Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Өзүбеков: пандемиядан улам туризм тармагы түп-тамырынан өзгөрөт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кыргыз туризм" ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн бири, эксперт Мырзабек Өзүбеков. Архив
Кыргыз туризм ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн бири, эксперт Мырзабек Өзүбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргыз туризм" ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн бири, эксперт Мырзабек Өзүбеков кыргыз туризми индустриялык деңгээлге жете электигин айтты.
Өзүбеков: пандемиядан улам туризм тармагы түп-тамырынан өзгөрөт

Туризм багыты пандемиядан кийин түп-тамырынан өзгөрөт. Саякатчылар коопсуздук маселесине катуу көңүл бура баштайт. Мындай пикирин Мырзабек Өзүбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкө туризмди өнүктүрүүнү приоритеттүү багыт катары көрсө, анда туристтердин коопсуздугун мыкты деңгээлде камсыздашы зарыл.

"Пандемиядан улам олуттуу жабыркаган бизнес тармактарынын бири - бул туризм. Аталган багыт коронавирустан кийин чоң өзгөрүүлөргө дуушар болот. Бирок Кыргызстандын бул жаатта жакшы мүмкүнчүлүктөрү дагы бар. Анткени саякатчылар эл көп чогулган жерлерден качып, табият койнунда эс алууга ыктап баштайт. Ушуну менен катар эле коопсуздук маселесине болгон талаптар күчөйт. Эгер өлкө бул багытты өнүктүрүүнү кааласа, биринчи кезекте саякатчылардын коопсуздугун камсыздашы керек. Ага ошол эле жолдордон тарта, бардык жайларга гигиеналык шарттарды түзүү кирет", — деди Өзүбеков.

Адис коопсуздук маселеси жолго коюлбай туруп туризмди өнүктүрүү мүмкүн эместигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0