Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бабаева: жеке сектордо иштегендердин укугу сакталган-сакталбаганы белгисиз

© Sputnik / Табылды КадырбековКРдин Профсоюздар федерациясынын төрагасынын милдетин аткаруучу Рысгүл Бабаева
КРдин Профсоюздар федерациясынын төрагасынын милдетин аткаруучу Рысгүл Бабаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин Профсоюздар федерациясынын төрагасынын милдетин аткаруучу Рысгүл Бабаева пандемия учурунда кызматкерлер кандай укуктарга ээ экенин айтты.
Бабаева: жеке сектордо иштегендердин укугу сакталган-сакталбаганы белгисиз

Адамдардын 70 пайызга чукулу жеке менчик сектордо иштешет. Бул жакта профсоюз уюмдары жок, алардын укугу сакталып жатабы, белгисиз. Мындай пикирин Рысгүл Бабаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, карантин учурунда Профсоюздар федерациясы аралыктан тынымсыз иш алып барууда.

"Федерация 20 тармактан турат, алты облустук кеңеш бар. Ошондо 700 миңдей адам мүчө болуп калат. Баштапкы уюмдарыбыз 8000ден ашык. Учурда пандемия абалында жумуш берүүчүлөр тарабынан кандай аракеттер көрүлүүдө, айлык акы төлөнүүдөбү, жумуштан кетирүү болгон жокпу деген сыяктуу маселелерге талдоо жасашуда. Мындан тышкары, өкмөттүн ишине колдоо көрсөтүү максатында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен тыгыз иш алып барып жатабыз. Буга утурлай эле коомчулукка акысыз онлайн-консультация берүүнү уюштурдук. Эмгек кодексинин 172-беренеси боюнча, пандемия учурунда маянанын 3/2 бөлүгү төлөнүүсү зарыл. Мындан тышкары, Эмгек кодексинин 88-беренесине ылайык, ушундай абалда жумуш берүүчүлөр кызматкерлерди иштен айдап жибербеши керек. Бул багытта Профсоюздар федерациясынын юристтери, техникалык инспекторлору, адистери онлайн иш алып барышууда. Бирок адамдардын 70 пайызга чукулу жеке менчик сектордо иштешет. Бул жакта профсоюз уюмдары жок, алардын укугу сакталып жатабы, белгисиз", — деди Бабаева.

Ошондой эле ал федерацияга таандык курорттук мекемелер вируска шектелгендерди обсервацияга алуу үчүн колдонулуп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0